БИШКЕК. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Мисир Ашыркуловго 2002- жылы болгон кол салууга байланыштуу сот жараяны болот. Ага кол салды делинип камакка алынган Таалай Момунов тергөө абагында жатып менингиттен каза тапкан. Туугандары Таалайга коюлган айыптарды четке кагып, аны актоону талап кылышууда. Сотко Мисир Ашыркулов өзү катышпай, адвокаты Татьяна Чернининаны жиберип атат.