Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Стамбул шаарында автобуска жасалган кол салуудан үч адам каза тапты


Окуя кечээ кечинде болду. Полициянын маалыматына караганда, белгисиз адамдар автобуска май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан, натыйжада айдоочу башкарууну жоготуп, жолдо кетип бара жаткан адамдарды сүзгөн. Түрк телекөрсөтүүсү кол салгандар күрд жикчилерин колдогон ураан-чакырыктарды кыйкырганын маалымдады. Түркиянын күрддөр жашаган райондорунда алты күндөн бери массалык баш аламандыктар орун алууда.

XS
SM
MD
LG