Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

ЕККУнун TӨРАГАСЫ КАРЕЛ ДЕ ГЮХТ ПРЕЗИДЕНТ ИСЛАМ КАРИМОВ МЕНЕН ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨШТҮ?


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму-ЕККУнун төрагасы, Бельгиянын тышкы иштер министри Карел де Гюхт 1-апрелде Ташкенде Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Тышкы иштер министри Элйор Ганиев жана жарандык коомдордун өкүлдөрү менен кездешти. Де Гюхтун визити боюнча жасалган билдирүүдө ЕККУ учурда Өзбекстан менен үч багытта кызматташууга кызыкдар экени белгиленип, ырасмий Ташкенди былтыр болгон Анжиян калабасын тергөө боюнча маалымат бөлүшүүгө чакырат.

Анжиян окуяларына Евробиримдик баштан эле өзгөчө маани буруп келет. Андыктан, ЕККУнун азыркы төрагасы, Бельгиянын тышкы иштер министри Карел де Гюхт 1 –апрелде президент Каримов менен болгон кездешүүсүндө Анжиян калабасына астейдил токтолуп, өзбек бийликтерин былтыр 1-майда болгон кандуу окуя боюнча маалыматтар менен бөлүшүүгө чакырды. Маалымат бөлүшүү, ЕККУнун төрагасынынын сөзүнчө, тергөөнүн коомчулукка ачык болуусуна шарт түзөт жана “Өзбек өкмөтүнө келечекте Анжиянда болгондой окуялардын алдын алууга, кылмышкерлерди жоопко тартууга мүмкүндүк берет”.

Эскерте кетчү нерсе, Өзбек өкмөтүнүн Интернет сайтында Карел де Гюхтун президент Ислам Каримов жана тышкы иштер министри Элйор Ганиев менен болгон кездешүүсү тууралуу эч кандай кабар болгон жок. Өзбекстанда чет элдик маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү каттуу чектелип, бир катар кабарчылар өлкөдөн куулуп чыккандан улам, Батыш маалымат булактары да ЕККУнун төрагасынын Ташкендеги сапары жөнүндө кабарлашкан жок. Ошон үчүн Ташкендеги визити маалында Карел де Гюхт козгогон маселелер тууралуу ЕККУнун башкеңсесинин 1-апрелдеги билдирүүсүнө таянып сөз кылуудабыз.

Бул билдирүүгө караганда, Карел де Гюхт өзбек жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүдө абактагы кээ бир адамдар кыйноого алынганы жана акыркы айларда бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү куугунтукталганы тууралуу маалыматтарга байланыштуу тынчсыздануусун айткан; жарандык уюмдар демократиялык өнүгүүдө маанилүү роль ойной турганына да көңүл бурган.

Карел де Гюхт президент Каримов жана тышкы иштер министри Элер Ганиев менен болгон жолугушууда ЕККУ - Өзбекстан менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин да белгилеген. Анын айтышынча, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму Борбор Азия өлкөлөрү менен үч багытта: терроризмге каршы күрөштө, региондор аралык экономикалык кызматташууда жана жарандык коомду бекемдөө багытында иштешүүгө даяр. ЕККУ өз ара мамиледе саясый-аскерий жана адам укугуна байланыштуу кызматташууга гана басым жасабайт.

“Бельгия ЕККУнун төрагасы болуп турган мезгилде транспорт, уюшкан кылмыштуулук, энергетикалык коопсуздук маселесине артыкча маани берет”,-деп айтылат Карел де Гюхтун визитинин жыйынтыгы боюнча Брюсселде жасалган билдирүүдө. Анткени, де Гюхттун белгилешинче, аталган проблемалар Өзбекстан үчүн азыр абадан маанилүү эсептелет.

XS
SM
MD
LG