Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

ЭМНЕ ҮЧҮН РОССИЯ ОРТОДОН КИЙИН ДА, КЫРГЫЗСТАН ТИЗМЕ АЯГЫНДА КАЛГАН?


Акыркы он жыл ичинде Интернет байланышын жана чөнтөк телефондорун пайдаланууда чоң секирик жасалды. Азыр Интернет жана сателлиттик телефон байланышы дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө бар. Деген менен, улуттук өкмөттөр Интернетти жана жаңы технологияны жайылтуу үчүн кандай иштерди жасоодо? Жумушчу –кызматчылар жана чиновниктер жаңы технологияны канчалык деңгээлде пайдалана билишет?

Суроо: - Өткөн аптада Дүйнөлүк экономикалык форум менен абройлуу INSEAD бизнес мектеби “Байланыш системасынын даярдыгынын индексин” жарыяланды. Бул эмне болгон индекс?

-Бир нече сапаттык көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталган индексти интернет жана башка дигиталдык байланыш технологиясыны пайдалануу жана жаңы технологияны өндүрүшкө киргизүүгө өлкөдөгү даярдыктын абалын сүрөттөйт десек болот. Жалпы баа- өлкөнүн байланыш системасынын өнүгүүсүнө , компьютердик техниканы өкмөттүк чиновниктердин колдоно билүүсүнө жана экономиканы башкаруудагы ийгилигине ылайык берилген. Анткени, телефон жана компьютердик инфраструктура аларды башкара билген адистерсиз натыйжалуу иштебейт эмеспи. Жаңы технологияны өндүрүштө жана ишкерлер чөйрөсүндө колдонуунун деңгээли эмгек өндүрүмдүүлүгүнө да таасир этет. Бул иштин деңгээли улуттук өкмөттөрдүн маалымат технологиясыны жайылтып-колдоосуна да көз каранды болгондуктан, өкмөт бул багытта жүргүзгөн саясат да индексти аныктоодо эсепке алынган. Дагы бир маанилүү көрсөткүч - бул чакан ишканаларды инвестициялоо. Себеби, инвестиция жаңы технологияны колдонуунун катализатору саналат. АКШ, Япония сыяктуу өлкөлөрдүн экономикалык ийгилиги дал жаңы технологияны же ииновацияны каржылоого байланыштуу.

-Мурдакы советтик республикалардын, анын ичинде Кыргызстан бул индекс боюнча канчанчы орунда турат?

-Дүйнөлүк экономикалык форум менен белгилүү INSEAD бизнес мектебинин изилдөөсүнө караганда, Кыргызстан 103 орунду же ылдый жактан эсептегенде үчүнчү орунда турат. Эң начар Албания 106 орунда. Изилдөө да 106 өлкөнү камтыган. Кыргызстанга начар баа өлкөдө билим берүүгө, жаңы технологияны каржылоого жана чакан бизнести инвестициялоого казынадан өтө аз каражат бөлүнгөнүнө байланыштуу десек жаңылыштык болбойт.

Борбор Азиядагы эң мыкты деген Казакстан Интернет жана сателлиттик байланыш технологиясын пайдалануу, жаңы технологияны өндүрүштө колдонуу боюнча 60 орунда турат. Бир кездерде региондогу эң жарды эсептелген Тажикстан тизмеде
93 орунду ээлеген. Өзбекстан жана Түркмөнстанда изилдөө өткөрүлгөн эмес.

Интернет жана дигиталдык байланыш технологиясын пайдалануу, жаңы технологияны инвестициялоо боюнча АКШ кайрадан биринчи орунга чыккан. Мурда тизме башында Сингапур менен Финляндия турчу.
Мыктылардын катарында Түндүк Европа өлкөлөрү, Сингапур, Тайван, Түштүк Корея, Британия, Австралия бар. Бул өлкөлөр экономикалык өнүгүү, ишкерлик үчүн чөйрөнүн ыңгайлуулугу, коррупциянын абалы, билим берүүнүн деңгээли сыяктуу эл аралык көрсөтүчтөрү боюнча да алдыңкылардын катарында жүргөнү маалым.

Россия дүйнөгө компьютерди мыкты билген адистери жана программистери менен таанымал. Бирок, өлкөдө Интернет кеңири жайылган эмес. Билим берүү тармагына жана чакан бизнеске инвестиция аз салынат. Андан улам, Россия алдыңкы технологияны колдонуу боюнча 72 орунда турат.
Ал эми акыркы жылдары экономикасы ылдам өсүп бараткан дөө-шаалар Индия 40, Кытай 50 орунда, же Россиядан алда кайда алдыга кеткен.

XS
SM
MD
LG