Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Кондолиза Райс күтүлбөгөн жерден Багдадга келди


АКШнын мамкатчысы Ирактын баш калаасына Британиянын тышкы иштер катчысы Жэк Стро менен бирge келди. Экөө президент Жалал Талибани, өкмөт башчысы Ибрахим ал-Жафаари жана башка жетекчилер менен кездешишти. Райс Иракта улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө мезгил келди деп айтты.

Ички жаңжалдын айынан, ошондой эле сунилер менен күрдүлөр ал-Жафааринин дагы бир мөөнөткө өкмөт башкарышына каршы болуп жатышынан улам, Ирактын жаңы өкмөтүн аныктоо иши улам кечеңдеп келатат. Кечээ ал-Жафааринин өзү жетектеген Шийи альянсы Ирактын биримдигин сактап калуу үчүн, аны иштен кетүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG