Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

ЕВРОПА ШЕРИКТЕШТИГИ ТҮРКИЯНЫ АРМИЯНЫН САЯСАТКА ТААСИРИН АЗАЙТУУГА ЧАКЫРУУДА


Секулярдуу Түркияда армия ар дайым таасирдүү роль ойноп келген, бирок өлкөнүн Европа Союзуна кирүү пландарына байланыштуу бул кырдаал өзгөрүүгө тийиш. Бул тууралуу жакында Брюсселде талкууланган отчетто айтылат.

Түрк армиясы батышчыл ой-таанымдын жана демократиянын түркүгү, ал саясатка аралашат, бирок демократияны эмес, саясатчыларды гана колтукка түртүп, сестентип турат. Куралдуу күчтөргө карата мындай түшүнүк Түркияда кеңири тараган.

Евросоюзда коомдун армия менен алакасы тууралуу ташка тамга баскандай так саясаты жок, бирок европалык мамлекеттер өкмөт куралдуу күчтөрдү толугу менен өз көзөмөлүндө кармашы керек деген жобону карманышат. Европа Шериктештиги ага кошулууну ниет кылган Түркиядан да ушуну талап кылууда. Бирок бул маселеде Евросоюздун позициясы өзгөрүлбөй тургандыгын Түркиянын өкмөтү анчейин аңдабай жатканы байкалат. Голландияда жайгашкан Европалык коопсуздукту изилдөө борбору тарабынан даярдалган отчеттун мазмунунан мына ушундай жыйынтык чыгаруу мүмкүн. 31-мартта бул отчет менен Брюсселде анын автору Давид Гринвуд тааныштырды. Ал 2004-жылдын декабрында Евросоюздун чоң жыйынында Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүү баштоо чечими кабыл алынганда эле Евросоюз түрк армиясынын ашкере таасирдүүлүгүн сынга алганын эске салды:

- Түркия европалык саясат жана практика менен жуурулушуунун жолуна түшкөнү менен, коопсуздук иштеринде түрк армиясынын жол башчылары Евросоюздун мүчө-мамлекеттериндегиден алда-канча кеңири ыйгарымдарга ээ экендигин Евросоюз ошондо эле айткан болчу.

Гринвуд бирок мүчөлүк сүйлөшүүлөр былтыр октябрь айында башталганда да, түрк армиясынын генералдары арасында камаарабастык өкүм сүргөндүгүн белгиледи. Түркияда жылыш такыр жок деп айтууга болбойт. Мисалы штаб жетекчиси өкмөт башчысына жооп берип калды, бирок Евросоюз анын коргонуу министрин айланып өтүп, премьер-министрге түз чыккандыгын туура көрбөйт. Түркия ошондой эле Улуттук Коопсуздук кеңешин кеңеш берүүчү органга айландырып, анын макамын төмөндөттү. Бирок Евросоюздун пикиринде, армиянын өкмөткө таасир этүүнүн куралы болуп келген бул орган коопсуздук маселелеринде бейрасмий таасири күчтүү бойдон кала берүүдө. Армияга өгеле көп каражат бөлүү да токтогон жок. Түркиялык аскер жетекчилери менен тааныш-билиштигине таянып Гринвуд "армия келечекте саясатка кийлигишет деп ырастоого негиз жок, бирок буга эч ким 100 пайыз кепил боло албайт" деп айтты.

Түркиялык өкүлдөр өлкөдөгү кырдаал башка эч кимдикине окшошпойт, ошондуктан, армиянын да ролу өзгөчөлүү деп айтышат. Жергиликтүү серепчилер да ушул көз карашты карманышат шекилдүү. Анкарадагы Билкент университетинин экономика факультетинин жетекчиси Метин Хепердин айтымында, түрк армиясы -эч качан демократиянын баалуулуктарынан күмөн санабаган, саясатка кийлигишсе, бийликти качан өткөрүп берээрин өзү тактап, алдын-ала билдирип турган, жоопкерчиликтүү күч.

Ал эми аталган окуу жайдын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Али Кара Осмон уулу армия тынымсыз реформалардан тажап бүткөндүктөн ага тыным алганга убакыт бериш керек экендигин белгилеп, буларды кошумчалады:

- Бул бир нече себептерден улам айрыкча маанилүү. Биринчиден, өкмөт менен башкы штабдын ортосундагы үзгүлтүксүз жана натыйжалуу диалогдун аркасында буга чейинки реформалар жыйынтыктуу болгон. Бул диалогду дагы улантыш керек. Бул келечек реформалардын ийгилиги үчүн керек.

Ал эми Брюсселдеги сөзүндө Гринвуд Түркиялык мыйзамгерлерди жана жалпы эле түрк коомун армияны ашкере кастарлайт деп катуу сынга алды. "Түркиядагы аттуу-баштуу адамдардын" куралдуу күчтөргө карата мындай мамилеси Европа Союзунун асыл-нарктарын түрктөр дале толук түшүнө электигин көрсөтөт" деп кесе айтты европачыл серепчи.

XS
SM
MD
LG