БИШКЕК. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Арзыбек Бурканов Майлуусай электрлампа заводу азыр кыйын абалга кептелгени тууралу сөз козгоп, маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Депутат Авазбек Момункулов болсо Кант цемент-шифер комбинатына байланышкан кырдаалды да иликтөө зарылдыгын белгиледи. Натыйжада бул маселелерди иликтөө боюнча эки парламенттик комиссия түзүлдү. Алар ишинин жыйынтыгы тууралуу 25-апрелге дейре парламентке маалымат берет.
Парламент Майлуусай лампа заводу менен Кант цемент-шыйпыр заводундагы кырдаалды текшерген жатат