Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 01:21

ТҮРКМӨНБАШЫ КЫТАЙДА


Кытайда алты күндүк сапарда жүргөн түркмөн президенти Сапармурат Ниязов бүгүн жергиликтүү бизнес өкүлдөрү менен жолугат. Кечээ (дүйшөмбүдө) Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао менен Ниязов мунайгаз тармагындагы кызматташуу тууралуу келишим түзүштү. Мындан тышкары тараптар саясий декларацияга жана терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштө биргелешкен аракеттерди караган документке кол коюшту.

Кол коюлган келишимге ылайык, Түркмөнстан жыл сайын Кытайга 30 миллиард кубметр газ жөнөткөнгө милдеттенет. Бу долбоорду жүзөгө ашырганы тараптар газ куурун курууну макулдашты. Долбоордун наркы туурасында эч кандай маалыматтар айтыла элек.

Кытайга жөнөр алдында Синхуа маалымат агенттигине берген интервьюсунда Ниязов Амударыянын оң өйүзүндө чоң кен бар экенин, ошол жерден Өзбекстан, Казакстан аркылуу Кытайга газ жөнөткөнгө болорун, иши кылып, жакшы мүмкүнчүлүктөр бардыгын айткан эле.

Бирок айрым эксперттер, атап айтканда, Түркиянын парламентиндеги түрк-кытай достук коомунун мурдагы директору Халил Шебгин мындай мүмкүнчүлүккө күмөнсүнүп карайт. Кытайга түркмөн газын жеткирүү абдан эле кыйын, дейт ал.

Бу жерде үч проблема бар: биринчиден, куур тартуу керек; экинчиден, буга ири суммада акча керек; үчүнчүдөн, Шебгиндин айтымында, бул долбоорго тартыла турган Өзбекстан өңдүү өлкөлөр менен Түркмөнстандын көп проблемалары бар.

Австралиянын Канберра шаарындагы улуттук университетинен Глен Барклэй Борборазия республикаларында үч тараптуу күрөш – Россия, Кытай жана АКШнын жарышы жүрүп жатканын белгиледи.

Региондогу өлкөлөр, анын ичинде Түркмөнстан менен жакшы алака түзүп, Кытай АКШнын бу аймактагы таасирин азайтууну көздөйт. Ал эми Ниязовго болсо Түркмөнстанды саясий эркиндиктери чектелген, ошол эле учурда экономикалык жактан оожалган өлкөгө айлантуу аракетинде Кытай чоң өрнөк болуп көрүнөт.

Барклэйдин айтымында, кытайлыктар Михаил Горбачев экономикалык эркиндикти саясий эркиндикке киндиктеш көрүп, абдан чоң калпыстык кетирген деп эсептешет. Кытай өзү экономикалык либерализм менен саясатты таптакыр байланышта карабайт. Кытай ар качан өзүн авторитардык системадагы коммерциялык мамлекет катары көрсөтүп келген, дейт Барклэй.

Сапармурат Ниязов Кытайга ушуну менен үчүнчү ирет келип отурат.

XS
SM
MD
LG