Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Жогорку Сотто Рысбек Акматбаев жеңип чыкты


Кыргызстандын Жогорку Соту 3-апрелде түн киргенге чейин жыйын өткөрүп, Рысбек Акматбаевдин депутаттыкка талапкерлигин калыбына келтирген Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул чечимди талашып кайрылган Борбордук шайлоо комиссиясынын дооматын негизсиз деп четке какты. Ушуну менен Рысбек Акматбаев Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттык шайлоого бара турганы анык болуп калды. Бул жакта шайлоо 9-апрелде болот. Мыйзам боюнча шайлоого беш күн калганда талапкерди жарыштан чыгарууга жол берилбейт.

XS
SM
MD
LG