Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

АКШ МЕНЕН БРИТАНИЯ ИРАКТЫН ЖАҢЫ ПРЕМЬЕРИН ЫЛДАМ ТАНДООНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 2-3-апрель күндөрү Иракта АКШ менен Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери Кондолиза Райс менен Жек Стро болуп кетишти, бирок сапар тууралуу алдын ала жарыяланган эмес.

Багдадка бараар алдында Кондолиза Райс Британияга келген жана эки министр күтүүсүздөн Иракка учуп чыгышты. Мурда да Батыш мамлекеттеринин жетекчилери Иракка алдын ала жарыяланбаган сапар менен келип кеткен учурлар болгон, бирок эки мамлекеттин министрлери чогуу келген эмес. Бул сапардын дагы бир өзгөчөлүгү - согуш башталгандан кийин келген Батыш жетекчилери Иракта эч качан түнөгөн эмес, алар келген күнү эле кайтып кетчү. Райс менен Стро болсо Иракта эки күн болушту.

Сапардын негизги максаты - Ирак жетекчилери менен жолугуп, төрт айдан бери түзүлбөй жаткан өкмөттүн курамын аныктоо иштерин тездетүүгө үндөө болду.

Өлкөнүн шийи жана сунни мусулмандары жана күрддөр жаңы өкмөттү ким башкарууга тийиш деген маселе боюнча келише албай жатат. Жаңы премьер парламенттин биринчи сессиясында бекитилүүгө тийиш болчу, конституция боюнча, андай сессия шайлоодон кийинки үч айдын ичинде өткөрүлүш керек. Бирок премьер ким болоору чечилбегендиктен, сессия улам кийинкиге калтырылып отуруп, акырында 16-мартта 40 мүнөткө уланган гана жыйын өткөрүлдү.

Анткен менен маселе баары бир чечилген жок. Февралдын он экисинде шийи фракциялары жыйын өткөрүп, премьер-министрликке мурдагы убактылуу премьер Ибрагим ал-Жаафарини көрсөткөн, бирок күрддөр менен суннилер ага макул эмес, шийилер ичинде дагы Жаафариге каршы чыккандар арбын жана Батыш мамлекеттеринин дагы чыдамы бүтүп баратат.

Суннилердин айтымында, Жаафарини өтө эле шийичил саясат жүргүзүүдө. Батыш мамлекеттиринин айтымында, ал мээлүн саясатчы болбостон, диний маселелерге өтө эле аралашып кетти. Күрддөрдүн айтымында, бир жыл убактылуу премьер болгон учурунда Жаафари өз колуна өтө көп бийлик топтоого аракеттенди. Ирак президенти күрд Жалал Талабани дагы ушул пикирди колдойт.

Райс менен Стро Иракка келген учурда Жаафари премьерликке көрсөтүлбөш керек деп ачык айткан жок, алар жөн гана премьерди ылдамыраак тандагыла деп билдирди. АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Адам Эрели болсо 3-апрелде Вашингтондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жаафари кызматынан кетиш керекпи деген суроого ооба деп айткан жок: "Бул суроону ирактыктарга бериш керек. Өкмөттү ким жетектей турганын ирактыктар өздөрү чечүүгө тийиш. Конституция боюнча, андай адамды парламенттин үчтөн экиси колдоого алыш керек. Алар ошондой адамды таап, анын айланасында биригүүгө тийиш", - деди Эрели 3-апрелде.

Парламенттеги көпчүлүктү шийилер түзгөндүктөн, премьер дагы ошолордун арасынан чыгууга тийиш. 12-февралда шийилер Жаафарини талапкер кылып көрсөткөндө, азыркы вице-президент Адел Абдул Махди ага бир гана добуш уттурган жана шийи депутаттарынын жарымына жакыны Махдинин премьер болушун колдойт. Азыркы каржы министри Али Аллавинин ысмы дагы аталууда. Бирок эң негизги маселе - Жаафари талапкерликтен кетпей, мен премьер болом деп жатканында.

XS
SM
MD
LG