Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

КЕРЕМЕТ ҮКӨК : БОРБОР АЗИЯ ТУУРАЛУУ ИНТЕРНЕТТЕГИ КӨРГӨЗМӨ


Кечээ жакындан бери Борбор Азия боюнча жаңы көргөзмө иштеп жатат. Аны сиз дүйнөнүн каалаган жеринен көрө аласыз. Себеби ал Интернеттеги көргөзмө.

Сайт беш станга жараша, бешке бөлүнгөн. Кыргызстан "тоолуктардын мекени" деп мүнөздөлүп, мындан боз үйдө чырактын жарыгында баласын шишеден сүт эмизип жаткан көз айнекчен энени, Лениндин келбетине катарлаш Аскар Акаевдин темир тордон жасалган портретин, мал базарды, орустардын ак көйнөгүн, фатасын кийген кызды, кара костюмчан күйөөсүн, айтор экрандын бетинде кечээки-бүгүнкү Кыргызстандын элестери көз алдыңдан чубурат.

"Казакстан – даркан талаа"деп аталган бөлүмдөн кечээки көчмөн, бүгүн кара майдын аркасы менен зоболосу өскөн канаатташ казактардын мекениндеги мөлтүрөгөн таза суу менен, заводдордун түтүнүнө чулганган асманы, алысты кыялдана караган шахтеру, ар түстүү жарыктары күйүп-жанган казиносу, сойкулардын далдалчысы түшкөн узун ак лимузин сыяктуу карама-каршылыктуу көрүнүштөрү көз алдыбызга тартылат.

Бул сүрөттөрдү тарткан Кристофер Хервиг теги Канаданын көп улуттуу Ванкувер шаарынан, үй-бүлө шартына байланыштуу, үч жыл Алматыда жашады. Борбор Азияны түрө кыдырып, тээ алыскы Памирдеги кыргыздарда да, чет элдиктер оңой менен барбаган түркмөндөрдө да болду. Телефондон байланышсам, Норвегиянын тоолорунда лыжа тээп жүргөн экен, дароо эле Кыргызстанда аны ар кыл элдердин аралаш жашаганын айрыкча жактырганын кеп кылды "Эмне үчүн батыштыктар мултикультуризмге мынчалык кызыгасыңар?" деп суроону кабыргасынан койдум.

Крис Хервиг: Мультикультуризм же маданияттын ар кылдуулугу биз ким экенибизди, башкалар менен кандай мамиле түзүштү үйрөтөт. Ар кыл улуттун өкүлдөрүнөн биз толеранттуу, сабырдуу жана чыдамкай болгонго үйрөнөбүз. Дүйнөгө кеңири көз карашта болуп, кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендигин билебиз. Биздикинен бөлөк жашоону көргөн, турмушка бизден бөлөкчө мамиле кылган адамдар менен жакындашканда, биз да өсүп-өнөбүз, себеби биз да алардан таалим алабыз.

Жаңыл Жусубжан: Маектешибиз Борбор Азияны кыдырып жүргөндө айрыкча жактырган жагдайларга да токтолду:

Крис Хервиг:Саякаттап жүргөндө жергиликтүү элдер менен учурашып, таанышканым мен үчүн өзгөчө маанилүү учурлар болду. Кыргызстанда мисалы Кочкор тарапта, Соң-көлдө малчылардын боз үйүндө токтолгонубузду унуталбайм. Алардын меймандостугун мен ар дайым эстеп жүрөм, бул мага өтө бөлөкчө турмуштук тажрыйба болду.

Жаңыл Жусубжан:Крис Хервиг интернетте буга чейин да көргөзмө ачкан. Лондондон Санкт-Петербургга велосипед тээп барганда тарткан сүрөттөрү Стокгольмдогу галереяда, бри эле мезгилде Интернетте да коюлган. Интернетте көргөзмө уюштуруунун артыкчылыктары кайсылар болду экен?

Крис Хервиг: Интернеттеги көргөзмөнү алда-канча көп сандагы киши көрө алат. Анткени, эгер ал бир шаардагы көргөзмөдө болсо, ошол шаардагы кишилер гана көрмөк. Анын үстүнө атайын убакыт таап, галереяга барыш керек. Кадыресе көргөзмө убакыт жагынан да чектелүү, бир-эки жумада жабылып калат. Демек, ал чыгармаларды көрөм десең, дал ошол мезгилде ошол шаарда болушуң керек. Ал эми Интернет көргөзмөсүн каалаган убакта, дүйнөнүн каалаган жеринен көрө аласың. Каалаган сүрөтүңдү, же көргөзмөнү толугу менен досторуңа электрондук кат менен жиберсең да болот. Демек, ал сүрөттөрдөн ырахат алуу мүмкүнчүлүгү да алда-канча жогору.

Жаңыл Жусубжан: Жаңы көргөзмө тууралуу электрондук жарыя таркатылгандан кийин, аны канча киши көрүп, кандай кабыл алды?

Крис Хервиг: Көрөрмандар өтө жакшы ыкласта кабыл алышты. Мен мынчалык көп киши көңүл бурат деп ойлогон эмесмин. Албетте канча киши көргөнүн эсептегенге мүмкүнчүлүгүм жок. Бул үчүн компютерге атайын программа орнотуш керек. Бирок көп киши убактысын бөлүп, мага электрондук кат жазды. Өздөрү Борбор Азияда болгон күндөрүн эстешкенин, же сүрөттөрдүн көркөмдүк деңгээлин жактырганын, дагы башка ой-пикирлерин айтышты. Чыгармачыл адамга албетте мындай моралдык колдоо өтө керек.

Жаңыл Жусубжан: Сүрөттөрдү көрсөтүп гана тим болбостон, аларды Интернет аркылуу сатса да болот. Бул сүрөт тартууну кесип кылган Крис Хервиг үчүн үй-бүлөсүн багуунун негизги булагы болуп саналат. Көргөзмөдөгү сүрөттөрдүн каалаганын сатып алса болот. Заказ берип алдырсаңыз, дубалга илип коесуз. Ошондой эле басылмалар, бейөкмөт уюмдар алып, өз сайттарында же гезит-журналдарда пайдалана алышат. Эгер сизди да кызыктырса, http://www.herwigphoto.com сайтын караңыз. Же биздин сайтка келиңиз, дареги АЗАТТЫК.КГ, латын ариби менен.
XS
SM
MD
LG