Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

«АЙЫЛ ӨКМӨТҮ» ТАСМАСЫНЫН АВТОРУ ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ БИШКЕКТЕ ЧЫГАРМАЧЫЛ КЕЧЕСИН ӨТКӨРӨТ


«Кинорежисердун музыкалык дүйнөсү» деген аталыштагы бул салтанатта анын колунан жаралган тасмаларынан үзүндүлөр көрсөтүлүп, соңку убакта жазылган ырлары ырдалат. Ошондой эле келген көрүүчүлөр режиссер менен баарлашып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.

Эрнист Абдыжапаровдун айтымында,бул бир чети концерт болгону менен экинчиден анын кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлөт. Ошондой эле эл менен баарлашуу, дидарлашуу деп койсок болот.

Автордун чыгармаларын аткарып жүргөн Сайра Момунбаева, Делбир Конокова, Жаңыл Чынгышева аттуу ырчылар коштогон бул кечеде ошондой эле кинорежиссердун жакында тартылчу «Боз салкын» аттуу тасмасында ырдалчу ырлар ырдалат. Жаштардын турмушун, сүйүү темасын чагылдырган тасма май айында тартылып баштайт. Ал эми сөз болуп өткөн иш-чара эртең да уланат.

Эрнест Абдыжапаров "Айыл өкмөтү", "Шайтан көпүрө", Таранчы" сыяктуу кыска жана толук метраждуу тасмалары менен эл аралык кино-сүйүүчүлөрүнө жакшы белгилүү болуп калды. Анын филмдерин көрүп ырларын уккуңуз келсе, бүгүн кечинде Бишкек филармониясына келиңиз.
XS
SM
MD
LG