Сүйлөшүүлөр кечээ Вена шаарында өттү, бирок соңунан кандайдыр бир олуттуу жылыш бар экени айтылган жок. Улуттар уюму ортомчулук кылып жаткан сүйлөшүүлөр акыр аягында Косово Сербиянын бир бөлүгү бойдон калары же көз карандысыздык алары жөнүндө чечимге алып барышы керек. Косоводо көпчүлүктү түзгөн албандар көз карандысыздыкты каалайт, Сербия болсо буга каршы. Провинция 1999-жылдан бери БУУ тарабынан башкарылат.