Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

СҮРӨТЧҮ ДАНАКАН АДАШКАНОВАНЫН КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТТҮ


Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде белгилүү көркөм сүрөтчү Данакан Адашканованын жеке көргөзмөсү өттү.

Данакан Адашканованын сүрөт эмгектери көп темалуу эмес. Портреттер... анан табият... Табият болгондо да жалаң гүлдөр... Ар өңдөгү, ар жыттагы ар кыл гүлдөр... Данакан Адашканованын табиятка назары кантип башталган... Данакан Адашканова бала кезин эскерди:

-Кичинекейимен эле табиятка мамилем башка болчу... Балалыгым Каракулжадагы Тар дарыясынын жээгиндеги Сарыкамыш айлында өттү. Өзгөчө жазында дарыя кирген маалда агындарды караганды жакшы көрчүмүн. Ошол уюлгуган агындардан башкача бир тегерек оюнчуктар чыкчу... Ошондон башталган го, менин табиятты тартууга ынтызарлыгым...

Данакан Адашканова Бишкектеги Чуйков атындагы сүрөтчүлүк окуу жайын жана Ленинграддагы Репин атындагы сүрөт Академиясын окуп бүтүргөн. Көргөзмөдө кыргыздын белгилүү инсандары Болот Миңжылкыевдин, Мираида Далбаеванын, Какиш Рыскулованын, Саламат Садыкованын жана башкалардын портреттери коюлган. Данакан Адашканованын сүрөт окуу жайындагы алгачкы мугалими Кыргыз эл сүрөтчүсү Табылды Байбосунов окуучусу Данакан Адашканованы – “кыргыздын алгачкы профессионал сүрөтчү кызы” деп атады:

Данакандын гүлдөрдү көп тартканы – жашоодо дайыма бейпилчилик болсо деген тилеги.

Данакан Адашканованын гүлкайыр гүлдөрүнөн турган сүрөтүнүн тартылышына белгилүү акын Сагын Акматбекованын себепкер болгон жайы бар экен... Анын жайын Сагын эже мындайча айтып берди:

Менин бир жалаң гүлкайырлар өскөн жалгыз аяк жолум болор эле... Бир күнү анан ошол гүлкайырларымды таппай калдым... Кыйып кетишиптир... Бирок ылдыйраактагы гүлкайырлар көрүнбөй калып калышкан экен. Данакандын гүлкайыр издеп жүргөнү эсиме түштү... Ошентип мына ушул гүлкайырлар тартылган. Данакандын чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү – табиятты, анын ичинде гүлдөрдү сүйгөнүндө.

Данакан Адашканова кагаз бетине көчүрүп түшүргөнгө дагы да жаңы талаа гүлдөрүн издеп келатат... Сүрөтчүнүн көргөнүндөй – кыздар бири-бирине окшошпогон сыңары, гүлдөр да бири-бирине окшошушпайт...
XS
SM
MD
LG