Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

ЫСЫККӨЛ: СОҢКУ ОКУЯЛАР АКМАТБАЕВДИН БЕДЕЛИН КӨТӨРҮП ЖИБЕРДИ


Рита Нурмамбет кызы, Каракол Ысыккөлдүктөр Балыкчы шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Рысбек Акматбаевдин тизмеден алынып, кайра калыбына келтирилгени анын беделин көтөрүп койду деген бир тараптуу пикирлерди айтышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы премьер-министр, ички иштер министри жана атуулдук коом демократия үчүн коалициясынын арыздарынын негизинде 30-мартта Рысбек Акматбаевди кылмыш иши жабылбаган жана Кыргызстанда туруктуу жашаган эмес деп таап шайлоо тизмесинен четтеткен эле. Акматбаевдин талапкерлигин сот, прокуратура албай борбордук шайлоо комиссиясы алып салганынан шек санаган эл нааразыланып Ак үйгө чейин көтөрүлгөнү барыбызга маалым. 3-апрелде Жогорку соттун Акматбаевдин талапкерлигин кайра калыбына келтирүү чечими менен бул маселеге чекит койгону, анын беделин жогорулатты деген шайлоочулар төмөндөгүдөй пикирлерин билдиришти:

- Курбаналиева Мээрим. Менин пикирим боюнча өйдө жактагылар туура эмес кылды. Акматбаевди күнөөлү, кайра күнөөсүз деген чечим чыгарышып, аябай элге уят болушту. Бул жерден Акматбаевге бекер агитация болуп калды. Пикетке чыккан, көтөрүлгөн эл Ак үйдүн астына барышып, ал жактан мусулманчылыкты колдонуп куран окуп, тынч тарап кетишти. Ошонусу элге аябай жакты.

- Мен Өскөнбаев Жеңишбек. Бул Рысбек Акматбаевдин рейтингин дагы бир жолу көтөрүп койду деген ойдомун.

- Абдыраев Рыскул. Элдин ойун көп уктум, Акматбаев өтпөй калса бардыгына каршы деген добуш бермекмин дешет.

Шайлоочулардын дээрлиги жолугушууга келген башка талапкерлерге ишенич артпаганын, мурдагы мөөнөттө ушул аймактан депутат болгондор кайра дагы шайлоого катышып алганын катуу сынга алышкан. Ал кадамды эл мындайча чечмелешти:

- Буга чейин далай депутаттар шайланган, алар элге бир кайрылып, эл менен иштешкен эмес. Ушунун баарын эл көрүп атат да.

Ал эми Мээрим Курбаналиева 31-марттагы элдик нааразылык көп шайлоочулардын көз карашын өзгөрттү дейт:

- Мен өзүм тандаган талапкерге добуш бермекмин, бирок Акматбаевге эмес. Эми менин жанымдагы тарапташтарымдын көбү 100 пайыз Акматбаевге ооп кетишти. Бул Акматбаевге жакшы агитатция болуп калды.

XS
SM
MD
LG