Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ ТАПКАН АКЧАСЫН АТА МЕКЕНИНЕН АЯБАЙТ


Бүгүнкү глобалдык экономика доорунда эмгек мигранттарын көпчүлүк дүйнө өлкөлөрүндө кездештирүү мүмкүн. Алар жергиликтүү жарандар аткарбаган иштерди бүткөрүүгө катар өз өлкөсүнүн экономикасына да олуттуу салым кошушат. Мисалы, өткөн жылы Түндүк Америкада иштеп жашаган индиялыктар Ата журтуна 23 миллиард доллар, мексикалыктар 20 миллиард доллар которушкан.

Былтыр Латын Америкасы жана Кариб деңизинин боюндагы өлкөлөрдөн чыккан эмгек мигранттары өз бүлөлөрүнө 53, 6 миллиард доллар жөнөтүшкөн. Бул, Америка ортолук өнүгүү банкынын маалыматы боюнча, 2004-жылдагыдан 17 процентке көп. Акыркы үч жылдан бери Латын Америкасына эмгек мигранттары өз мекендерине чет элдиктер салган инвестиция менен тыш өлкөлөр көрсөткөн жардамдан көп акча алып келишет.

Айрым эсептөөлөргө караганда, чет өлкөлөрдө азыр 25- 27 миллион чамалуу латын америкалык жашайт жана иштейт. Алардын 22 миллиону АКШ, Канада, Японияда жана Европа өлкөлөрүндө жашап-ишетешт.
Ушу азыр Испаниянын байтакты Мадриддеги ар бир бешинчи жумушчу латын америкалыктар. АКШдагы жумушчулардын 12 проценти Латын Америкасы менен Кариб бассейнинен келгендер.

Алар өлкөдө калган үй-бүлөлөрүнүн каржылоочусу да. Былтыр Мексика чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 20 миллиард доллар, Бразилия 6 миллиард, Колумбия 4 миллиард, Борбор Американын беш өлкөсү менен Доминикан республикасы 11 миллиард доллар алышкан.

Көпчүлүк мигранттар акчаны банктар же акча которуучу фирмалар аркылуу эмес, башка жолдор менен жөнөтүшөт. Андай акчаларды эсепке алганда, регионго которулган акчанын суммасы 59 миллиард долларга чыгат дешет эксперттер.

Азия жана Африкадан да Европа жана Түндүк Америкага барып иштеген жана жашап жүргөн эмгек мигранттары да өз журтуна үзбөй акча жөнөтүп турушат.

Индияга 2005-жылы эле Түндүк Америкадагы индиялык мигранттар 23 миллиард, Филлипинге болсо 10, 5 миллиард доллардан көп акча которулган.

Ал эми Европа өлкөлөрүндө иштеген эмгек мигранттары Алжир, Египет, Иордания, Ливан, Марокко, Сирия, Тунис жана Түркияга жылына 9 миллиард долларга жакын акча жөнөтүшөт.

XS
SM
MD
LG