Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

УНИВЕРСИАДА МЕЛДЕШТЕРИ БАШТАЛДЫ


Кабыл Макешов, Бишкек 5-апрелде Кыргыз дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде жогорку окуу жайлардын студенттеринин Универсиада мелдештери өттү. Спорттун айрым түрлөрүнөн алгачкы жеңүүчүлөр да анык болду.

Быйылкы Универсиада спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлүп, жогорку окуу жайлардын денгээлине жараша эки лига бөлүнүшкөн. Биринчи лигада 12 жогорку окуу жайдын студенттери күч сынашса, экинчи лигада 14 жогорку окуу жайдын командалары мөрөй талашууда.

Универсиаданын салтанатуу ачылыш аземинде өлкөнүн билим берүү министринин орун басары Каныбек Осмоналиев “спорт -жаштык жана сулуулук” экенин белгилеп, жеңүүчүлөр дүйнөлүк мелдештерге жолдомо алышаарын айтты.

Каражаттын тартыштыгына байланыштуу түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардын универсиада мелдештери жыйынтыкталып, баш байгени Ош мамлекеттик университетинин командасы жеңип алганын “Жаштык” дене тарбия жана спрот борборунун жетекчиси Зулумбек Исабеков билдирди.

Жакында эле Бириккен Араб эмиратынын Абудали шаарында өткөн эл аралык студенттик спорт форумуна катышып келген өлкөнүн студенттик спорт ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов быйылкы эл аралык мелдештер, эмидиги жылкы дүйнөлүк Универсиада оюндары тууралуу мындай деди:

- Быйыл эркин жана грек- рим күрөшүнөн студенттердин дүйнөлүк биринчилиги Монголияда өтөт. Польшада таеквандо, Слованияда стөл тенниси мелдештери болмокчу. Эмидиги жылы кышкы Универсиада оюндары Италиянын Турин шаарында болсо, жайкы универсиадалык оюндар Тайланддын Банкгог шаарында өткөрүлөт. Кыргызстандын студенттер командасы эл аралык мелдештерге катышуу үчүн азыртан даярдык көрүү зарыл.

Универсиаданын дзюдо, шахмат, бокс, стол тенниси жана оор атлетика боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Дзюдо күрөшүнөн кыз-келиндерден Кыргыз-орус Славян университети жеңүүчү аталса, жигиттер командасынан Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт университетинин балбандары айырмаланды.

Шахмат акыл таймашында Кыргыз-түрк “Манас” университетинин командасы баш байгенин ээси болду. Бокс мелдештеринде Кыргыз дене тарбия спорт академиясынын командасы биринчиликти колдон чыгарган жок. Стол тенниси боюнча мөрөй талашууда жигиттер командасынан Кыргыз-орус-славян университети биринчиликти камсыз кылды. Ал эми кыз келиндердин стол теннис таймашында Кыргыз-түрк “Манас” университети баш байгени камсыз кылышты. Оор атлетика боюнча студенттердин күч сынашуусунда Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт университетинин командасы биринчи орунду ээледи.

Студенттерге жакшы шарт түзүлбөгөнүн, эл аралык мелдештерге өтө аз санда барып жүрүшкөнүн Кыргыз улуттук университеттин студенти, Кыргызстандын грек- рим күрөшү боюнча тандалма командасынын мүчөсү Канат Бегалиев белгиледи.

Учурада Универсиаданын баскетбол, волейбол, футбол мелдештер улантылып жатат. Эмки жумада тогуз коргоол, эркин жана грек- рим күрөш,ордо, кыргыз күрөшү, жеңил атлетика жана сууда сүзүү таймашуулары болмокчу.

Универсиаданын жеңүүчүлөрү 28- апрелде аныкталат.
XS
SM
MD
LG