Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

ЖЕРҮЙ КЕНИНИН ЖУМУШЧУЛАРЫ РЫСБЕКТИН ЖАКТООЧУЛАРЫНАН ӨРНӨК АЛМАЙ БОЛУШТУ


Жерүй алтын кенинде жумушсуз калган жарандар 8-апрелде Талас шаарында бийликтен убадасын аткарууну талап кылып, нааразылык чарасын уюштурган жатышат. Буга чейин Жерүй алтын кенинин жумушчуларынын жоон тобу бир нече күн Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында пикетте турушкан.

Нааразылык билдирип Бишкекке келген жумушчулар өздөрү эл көчөгө жапырт чыкмайынча расмий бийлик көңүл бурбастыгына ушул ирет дагы бир жолу ишенгенин айтышат.

-Көлдөн Акматбаевдин жактоочулары келди эле. Төрт сааттын ичинде ишин чечип алып кетип калышты. Болгондо да алар мыйзамсыз келишкен. Бизде бул адамды кызматка коюп бер же депутат кылып бер деген талап жок. Өкмөт биздин ишибизди кайра камсыз кылышсын,- дейт жумушчулардын бири Шумкарбек Осмонов.


Акүйдү акыркы күнү пааналап турган жумушчулар мамлекеттик кызматкерлердин күн сайын бир-эки күн күтө тургула деген жоопторунан жадашканын, ошондуктан, Таласка барып, нааразылык иретинде элди көчөгө чыгаруунун камын көрүшөрүн айтышты.

- Баарын кошкондо он күндөн бери турабыз бул жерде. Пикетте балдар беш күн турушту. Рысбектин кишилери келгенде бул жерден алып чыгып кеттик, ар кандай чагым болбосун деп. Анткени, биздин талап башка. Мыйзам менен иш кылсаң бирдеке болобу деп, үмүттөр менен турдук. Эч нерсе чечилген жок. Эми биз дагы үйрөндүк, кантиш керек экенин,-деди ишкананын кесиптик кошундар комитетинин төрагасы Рысалиев Мирбек.

Жерүй алтын кенин иштетип жаткан «Талас голд майнинг» ишканасын Британиялык “Оксус голд» компаниясы түзгөн. Январь айында Кыргыз өкмөтү өз милдеттенмелерин так аткарбай жатат деп бул ишканага берген лицензиясын алып койгондуктан, кенди иштетүү токтогон. Алты жүз чамалаш жумушчу ишсиз калган.

Жерүйчүлөр менен беш күн аралыгында премьер-министр Феликс Кулов баштаган бир катар өкмөт өкүлдөрү жолугушту. Бирок, жолугушуулардан олуттуу майнап чыга элек. Бул маселеге тынчсызданып жаткандыгын Талас округунан депутат Болот Шерниязов да дүйшөмбүдөгү парламентте айтып чыкты:

- Алты жүздөн ашык адам жумушсуз калып, алды Акүйдүн алдында жүрүшөт. Биринчи вице-премьер Керимкулов баштаган атайын комиссия түзүлгөн. Мени таңкалтырганы – 30-январда президент Курманбек Салиевич (Бакиев) Таласта болгондо бир да саатка токтобойсуңар деп сөз берип келди эле. Премьер-министр кепилдик берди эле. Ага карабай жумуш токтоду. Жерүйдүн мындан аркы тагдыры эмне болот?

Премьер-министр Феликс Кулов болсо жакын арада Жерүй кенин кайра ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү түзүлөрүнө ишенимин бүгүн журналисттердин суроолоруна берген жообунда билдирди:

- Биз бул маселе боюнча жакында жумушчу жамаат менен жолугуштук. Инвестииця табуунун айланасындагы бардык маселелер боюнча «Кыргызалтын» иш алып барууда. Ага тиешелүү тапшырма берилди. Быйыл кенди иштетүүнү баштоо үчүн жакынкы күндөрү инвестор табылышы керек деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG