Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

НАЗАРБАЕВ: ОРУСИЯ МЕНЕН КАЗАКСТАН ОРТОСУНДА ЧЕЧИЛБЕГЕН МАСЕЛЕЛЕР ЖОК


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин үч күндүк Москвага жазаган визити кечээ акырына чыкты. Ал күнү президент Назарбаев орусиялык Мамдума олтурумунда депутаттар алдында чыгып сөз сүйлөдү. Орусия менен Казакстан ортосундагы эки тараптык алака «ишеним менен өнөктүктүн жогорку деңгээлинде» экендигин баса көргөздү.

Казакстан лидери Маскөөгө Орусия лидери чакыруусунан улам келип кети. Ошону менен катар бул Нурсултан Назарбаев (2005 жылдын 4 декабринде – ММ) үчүнчү жолу бийликке шайлангандан кийин алгач ирээт чет мамлекетке ырасмий конок болуп чыгышы болгон. Ушул жагдайдан улам анализчилер чөйрөсү бул визитте саясий шаани көбүрөөк деп эсептешүүдө. Борборазия маселелери боюнча эксперт Дмитрий Верхатуровдун баамында КМШ жааты азыр таптакыр жоюлуп кетүүнүн алдында турат. Бирок кайсы бир өлкөлөр андай кадам жазоого батынышпайт:

«Орусия менен Казакстандын жалпы кызыкчылыгы болгондуктан алар кызматташуусун уланта беришет. Ошондой эле (Орусия менен – ММ) борборазиялык башка мамлекеттер да: Өзүбекстан, Кыргызстан, Тажикстан кызматташуусун уланта беришмекчи», - дейт Верхатуров мырза.

Дагы бир анализчилер айтканга караганда Кремль менен Астананы чукул кылган маанай – эки мамлекетте тең өкүмөттөрдүн жогорку бийлик режимдери астында болушу. Экинчи себеп жери танапташ жаткан Казакстан айласыздан Орусия менен жакшы болууга мажбур дешет. Борбор Азия өлкөлөрү тобуна киргени менен Казакстандын дайыма Орусиянын таламын талашып келатышы Маскөөнүн Астана менен жакшы болуусуна да түрткү болууда дешет. Эки өлкө алакасы бекем экендигин кечээ Мамдумада депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө Нурсултан Назарбаев айгинелегендей болду:

«Казакстан менен Орусия мурдагы советтер мейкиндигинде бардык кызматташулардын жүрүшүндө локомотив болуп кала берүүдө», - деди казакстандык лидер.

Буга дейре эле кыйла жанданып калган эки өлкө ортосундагы товарлардын жүгүрүшү быйылкы жылы дагы 25-30 пайызга арта турганы белгилүү болду. Бирок Казакстандын Орусия менен тил табыша албаган да маселелери бар экендигин айтышат.

Андай маселе болуп Казакстан үчүн кара майын Батышка чыгара албай атышы эсептелет дешет. Өз ноосу болбогондуктан аны европалыктарга чыгарып сатуу бир гана орусиялык ноо аркылуу ишке ашышы мүмкүн экен. Бирок андай келишимге жетишүү Маскөөнүн тил эмизишинен улам болбой келе жатканын анализчилер белгилешет.

Бул күндөрү Экономикалык бир мейкиндик (ЕЭП – ММ) уюму кепке алынды. Ал уюмга кошулган төрт өлкөнүн бири – Украина жакында андан чыгып кеткен – эми Назарбаевдин колдоосу менен гана уюмдун заты калды дешет. Келечекте бир экономикалык мейкиндик түзүү максатта уюшулуп аткан Орусия, Казакстан жана Беларус мейкиндиктеринде биримдик иштеп кетиш үчүн 38 мыйзам долбоорлоп келгенин Назарбаев кечээ журналисттерге айтып берди.
Жакында аны үч өлкө жетекчилери бирге олтуруп кабылдаша тургандыгын да айтты.

XS
SM
MD
LG