Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Беларусияда Жогорку сот оппозициянын доо арызын четке какты


Беларус оппозициясы Жогорку Сотко 19-марттагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо-арыз менен кайрылган. Анда Александр Лукашенко 83% добуш менен президенттикке кайра шайланган эле.

Ал эми Европарламент бүгүн Беларусия боюнча резолюцияны карары күтүлүүдө. Евробиримдик Беларустагы президенттик шайлоо эркин эмес жана бурмалануу менен өттү деп эсептейт.

Беларус оппозициясынын лидери, президенттик шайлоодо талапкер болгон Александр Миленкевич кечээ Европарламентте сөз сүйлөп, Евробиридикти уюмдун өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салынуучу беларусиялык расмий адамдардын тизмесин кеңейтүүгө чакырды. Уюмдун учурдагы төрагасы Австрия тизменин көч башында президент Александр Лукашенко турарын ырастады. Бул тууралуу өлкөнүн канцлери Вольфганг Шюссель билдирди.

XS
SM
MD
LG