Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

ЖАҢЫ БИЙЛИКТИН КАТАЛЫКТАРЫ, “ХИПК” ПРОГРАММАСЫНЫН СЫРЫ, КРИМИНАЛ БИЙЛИККЕ КЕЛАТАТ


6-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары жаңы бийликтин каталыктары жана алдыдагы шайлоолор, талапкерлер тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

Бейшемби күнкү “Алас” жумалыгы “Кемин шайлоо округунан Жогорку кенештин депутаты Айдар Акаев орун бошотсо Кеңешбек Дүйшөбаев, Бермет Акаева,Темирбек Акматалиев талапкерлигин коеру билинди” деп маалымдады.

Ушул “Алас” гезити чет элдик элчиликтер, журналисттер, эксперттер Кыргызстан бийлигине криминал аралашып жатат деп тынсызданып, коомдук ишмерлердин пикирлерин жарыялады.

“Криминал бир топ саясатчыларды атып өлтүрдү. Коррупцияны күчөгөнү да жалпы экономикабыздын криминалга батып кеткенинен болуп жатат. Мунун баары өлкө жетекчилеринин алсыздыгынан болууда. Президент менен премьер- министр тандем деп коюп бири-бирине караманча каршы. Экөөнүн келишпестигин криминал жыргап пайдаланып, колдонуп жатат” деген пикирин билдирген “Демократиялык күчтөр биримдиги” партиясынын тең төрагасы Бакыт Бешимов.

Ошондой эле “Наркоз тарай баштады. Дагы тарайт” деген тема менен белгилүү адабиятчы, сынчы маркум Салижан Жигитов менен журналист Алым Токтомушевдун маегинин уландысы “Алас” жумалыгында жарык көрдү.

“Илгери Чыңгыз Айтматов Жазуучулар союзуна төрага болуп турганда бир сунуш айттым эле: кыргыз баары бир жер-жерге бөлүнгөнүн койбойт экен, мындай болгондон кийин бардыгын ачыкка эле чыгаралы, б.а. регионализмди легалдаштыралы, жалпы бир идея боюнча бириге албаса, арга жок, азырынча ушу регион, регион болуп талаша берсин, анан бир күнү көңүлү калат, чоң иштерде жалаң эле жердештери менен туугандары арка-бел болбой турганына көзү жетет, анан барып идеялык ишеним, ой-пикирдин, максат-мүдөөнүн, адамкерчилик, жалпылыктын өйдө турарын түшүнөт, ушунун баарын басып өткөндөн кийин гана интеллигенция улутту ойлонот, өлкөнү ойлонот. Чындыгында эле дүйнөдөгү эч бир көрүнүшкө тыюу салбаш керек, ошол тыйып атып ушуга жеткирдик» деген маркум Салижан Жигитов.

6-апрелдеги “Апта” жумалыгы “Тегирмен” деген рубрикасында Жогорку кеңештин депутаты, экс- спикер Өмүрбек Текебаев менен болгон кеңири маектешүүгө орун берди. “Саясый кызыкчылыгымды ойлосом Москвага барып Аскар Акаевдин расмий отставкасын алып келмек эмесмин. Саясатчынын кадыр- баркын эл пикири гана аныктайт” дейт Өмүрбек Текебаев.

Ушул “Аптада” Жогорку кеңештин депутаты Карганбек Самаков “Хипик” программасына кирсек Дүйнөлүк банк Кыргызстанды мурдунан чүлүктөп жетелеп алаарын, элдин турмуш- шарты мындан да кыйын болоорун айткан.

6- апрелдеги “Мезгил” гезитине берген маегинде “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын тең төрайымы Роза Отунбаева Украинанын Жогорку Радасына болгон шайлоого байкоочу катары барып катышып келгенин, аларда бийликтин партиясы ута албай калганынын себептерин талдоого алган.

Ушул “Мезгил” жумалыгында “Хипик” программасына кирүү Кыргызстанга эмне утуш берээрин, утуштан сырткары кыйынчылыктары жана терс кесепеттери арбын болоорун тарых илимдеринин доктору Ташманбет Кененсариев талдоого алган.

Ушул актуалдуу темага “Общественный рейтинг” жумалыгы да кайрылып, адистердин түрдүү пикирлерине орун берди.

“"Өкмөттүк" жана "өкмөт жандуу" массалык маалымат каражаттары "Рысбек Акматбаевдин талапкерлигин алып, шайлоого жолотпош керек. Эгер депутаттыкка шайланып калса, анда Кыргызстандын аброюн дүйнөлүк коомчулуктун алдында таптакыр кетиребиз" дешип, чуу салганы менен Рысбек шайлоого катышмак болду. Чуру- чуу тынтык жолу менен чечилгени менен президент Курманбек Бакиевдин Феликс Куловду же Рысбек Акматбаевди колдоорун эл билбей, башы маң боюнча түшунбөй калды” деп жазат 6- апрелдеги “Лица” гезитине кабарчы Лейла Саралаева.

Ушул «Лица» жумалыгы президенттин алдындагы Адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Турсунбек Акундун бейенесин ачып, ишмердүүлүгүн талдоого алды. Ошондой эле Турсунбек Акун 24- марттагы элдик ыңкылап тууралуу да кеңири сөз кылган.

Өкмөт башчысы Феликс Кулов өзү түптөп, түзгөн “Ар-намыс” партиясынын катарынан чыгууга аргасыз болгонун “Лица” гезити маалымдады.

6- апрелде “Кеңеш” гезитинин экинчи саны чыкты. Мында Жогорку кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаевдин президенттин администрациясынын жетекчиси Үсөн Сыдыковго жазган ачык каты жарыяланды.

“Агым" гезитинин 2006-жылдын 3-мартындагы санында Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси Үсөн Сыдыков Асланбек Сартбаев менен аңгемелешип жатып Б.Шерниязов, А. Бекназаров, Т.Сариев, М.Эшимканов, Ө.Текебаевдерди жүйөөлүү-жүйөөсүз жеринен омуроолоп баратып мага дагы саал-паал сөйкөнүп өткөн экен, учурунда жооптошоюн десем, анын "Майлуусуу шайлоо округундагылар чакырып жатышат, депутат болуп алат окшоймун" деген оюн кайсы бир гезиттен окуп алып, канткен күндө да тууганчылык жайыбыз бар эле, шайлоо маалында залакамды тийгизип койбоюн деп унчуккан жок болчумун. Жакында округга барсам Үсөн Сыдыковдун ким экендигин менден да жакшы билген Ноокендин кыз-келиндери, көпчүлүгү өзүнүн айылдаш-карындаштары мени тегеректешип "Эгерде өзүңүз жооп берүүгө кудуретиңиз жетпесе, биз окутабыз анын сазайын" дешип кысмакка алышканынан ушул саптарды жазууга аргасыз болуп олтурамын” деп Дооронбек Садырбаев Үсөн Сыдыковдун өлкөдөгү №1- ыңкылапчы эместигин сынга алган.

“Адабий гезит” учурунда “барал” адабий ийримин уюштурган маркум акын Аман Токтогулов тууралуу макала- эскерүүлөргө орун берди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG