БИШКЕК. Жазгы талаа иштерине даярдык жана анын жүрүшү тууралуу айыл чарба министри Абдымалик Анарбаев бүгүн парламентке маалымат берди. Ага өкмөт башчы Феликс Кулов да катышты. Бирок депутаттардын көпчүлүгү министрдин баяндамасына канааттанбаганын айтышып, бөлүнгөн күйүүчү май менен үрөндөр дыйкандарга жетпей жатканын белгилешти. Министрге берилчү суроолордун көптүгүнөн бул маселе бүгүн аягына чыккан жок.