Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГДОР БИШКЕКТЕ ЧОГУЛУП КЕНЕШ КУРУШТУ


Жакында Кыргыз билим берүү академиясында “Азыркы социалдык-экономикалык шартта мектептерде билим берүүнүн мазмунун жана техникасын жаңылоо” деген 22-республикалык педагогикалык окуулар өттү.

Мурда ар эки жылда ырааттуу өтүп келген мындай педагогикалык окуулар соңку 15 жылдан бери өтөлек эле. Педагогикалык окууга республиканын бардык аймактарынан 250 мугалим катышып, алар мектептерде жаңыча билим берүүгө карата өздөрүнүн табылгаларын, сунуштарын, окутуунун жаңы үлгүлөрүн айтып чыгышты. Жактырылган долбоорлорго билим берүү министрлигинин жана билим берүү Академиясынын грамоталары, дипломдору тапшырылды. Мектептерде окутууга Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Жусуп Молдобаевдин да эмгеги сунушталган :

Мен элдик педагогикага таянган Боронбай Атишев атындагы мектепти негиздеп, ал мектеп менен азыр да иштешип келатам. Ошол тажрыйбаларыма таянып, “Жаңыча өңүт же элдик педагогика менен учур адебин айкалыштыруу көйгөйү” деген аталышта доклад даярдап келдим. Азыр биз жалпы райондо элдик тарбиянын очогун, борборун түзсөкпү деп жатабыз.

Учурда жаңы нукта билим берүүнүн кандай ыкмалары иштелип чыгууда? Мындай суроо менен билим берүү Академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиевге кайрылдык:

Азыр интерактивдик ыкма менен окутуу кеңири жайылып жатат. “Талаш-тартыш”, “сынчыл ойлом”, “мээ чабуулу” деген ыкмалар менен алдыңкы мугалимдер сабак өтүп жатышат. Бул ыкмалар менен окутууда балдардын билими терең жана бекем болорун иш жүзүндө көрүп жатабыз. Балдарды мурдагыдай жаттатып окутпай, эң негизгиси – окуучуну ойлонтуу,-деди Советбек Байгазиев.

Кеңешмеде айрыкча айыл мугалимдеринин түйүндүү маселелери айтылды. Бул багытта “Мекен таануу” китептеринин автору Заря Мамбетова ой бөлүштү:

Айрыкча айыл жерлериндеги контракт менен бүтүп барган көпчүлүк жаш мугалимдердин билим деңгээли өтө төмөн болуп жатканы бизди бушаймандатат. Алардан окуган балдардын келечеги кандай болот? Экинчиден, жаңы технология деп эле мурдагы калыптанган изги жөрөлгөлөрүбүздү жээригендей болуп жатабыз. Ошол интерактивдик ыкмалар деле балдарга андай эле терең билим берип жиберген жок. Үчүнчүдөн, бул таңкалыштуу деле болбой калды - өзгөчө айыл жеринде китептер жетишсиз.

Кеңешменин жыйынтыгында, жактырылган долбоорлор жыйналып китеп болуп чыгат жана мугалимдердин педагогикалык окуулары ар эки жылда өткөрүлүп турмак болду.
XS
SM
MD
LG