Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

АМЕРИКАЛЫК АСКЕРДИК БАЗАНЫН ЖУМУШЧУЛАРЫНДА АКЧАДАН НААРАЗЫЛЫК ЧЫКТЫ


Жаркын Темирбаева, Бишкек “Манас” аба майданында жайгашкан америкалык аскер базасында иштеген жергиликтүү атуулдар эмгек акыларын кыскартпоону талап кылып,нааразылык акциясына чыгышты. Анткени, аскердик базаны тейлөөчү арабстандык “Дамак” фирмасы жергиликтүү жумушчулардын айлык акысын үч-төрт эсе азайтып салган экен.

Нааразылыкка чыккандардын айтымында “Дамак” деп аталган араб фирмасынын чечими менен жергиликтүү жумушчулардын эмгек акысы кыйла кыскартылган. Мисалы, 200-500 АКШ долларын алып келген жумушчулар кыргыз акчасы менен беш миң сом алып калышкан. Азайып калган эмгек акы, жумушчулардын айтымында, алардын кылган эмгегин актабайт. Анткени, жумуш оор, талап күчтүү. Туруштук бералбай жумуш ордун таштап кеткендер да болгон.


-Мен Чынар деген болом. Марттан баштап тендерди “Дамак” деген арабдык бир фирма утуп алыптыр. Эмгек акыбыз үчүн ай сайын 200дөн 600гө чейин АКШ долларын алчубуз. Жумушубуз, албетте, оор. Буга чейин “АСЕС” деген фирма төлөйбүз деп чегерилген сумманы толугу менен төлөчү. Ал эми азыркы фирма айлыгыбызды толук төлөп берген жок. Ошон үчүн аскер кызматкерлери менен сүйлөшүп, нааразылыгыбыздын жөн-жайын айтайлы деп келдик. Анткени булар бизди жакшы билет.

Буга чейин америкалык базаны тейлеп иштеп келген “АCEC” фирмасы жергиликтүү жумушчулардын укуктарын сыйлап, суроо-талаптары менен эсептешчү экен. Өткөн жылы аскер базасын тейлөө боюнча кезектеги тендерди жеңип алган арабстандык “Дамак” фирмасынын тутумундагы “Ала-Тоо” жана “Апстаун” ашканаларында баш аягы 150дөн ашык жергиликтүү ашпозчу-жумушчулар төрт нөөмөт менен иштешет.

-Эки жылдан бери иштейм. Бизди алдаган түрдө бир айлык акыбызды бербей, контрактагы милдеттерин аткарбай жатышат,- деди өзүн Азамат деп тааныштырган жигит.

Жумушчулардын айтымында, арабстандык фирма ишке чет жактагыларды тарта таштаган экен. Анткени, алар аз айлыкка иштегенге макул болушкан окшойт.

-Чет жактардан жумушчулар келип жатат деп угуудабыз. Мындан эмнени түшүнсө болот? Бийлик башындагылар буга көнүл бурбаса кеч болуп калат. Дегеле жергиликтүү жарандарды жээрип жаткандык байкалат,-дейт Нургүл аттуу келин.

Нааразылыкка чыккандар менен аскер базанын расмий өкүлдөрү жолугушту. Жумушчулар койгон талаптар “Дамак” фирмасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен каралып жатканын коомчулук менен иштөөчү бөлүмдүн өкүлү Гейл айым билдирди:

- “Жергиликтүү жарандардын нааразылыктары жетекчиликке маалымдалган. Биз, болуп жаткан бир да окуяны кабарлабай койбойбуз. Андыктан сүйлөшүү жүрүп жатат. Кандайча чечилет аны мен айталбайм”,- деди Гейл айым.

Бишкектеги америкалык аскер базасында тейлөө жагында миңден ашык жергиликтүү жарандар иштеп, жан багат. Базаны тейлөө жумуштарына кыргызстандык жарандарды тартуу “Манас” аба майданында америкалык аскер базасын жайгаштыруу жөнүндө Бишкек менен Вашингтондун ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG