Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

“АДАМДАРДЫН ӨМҮРЛӨРҮН САКТАП КАЛГАНЫМА АБДАН СЫЙМЫКТАНАМ...”


Бүгүн дүйнөлүк ден-соолук күнү. Быйыл БУУ аны ар күн адамдардын өмүрлөрүн сактап, кабагым кашым дебей колунан келген жардамын аябаган медициналык кызматкерлерге арнады. “Азаттыктын” кабарчысы Кэтлин Муур былтыр күздө Пакистандагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга биринчилерден болуп барып, жардам көрсөткөн дарыгер Фазал Ахтар менен маектешти. Ахтар Карачидеги Урология жана трансплантация институтунда иштейт.

Мен адегенде, чакан силкинүү болгон экен деп ойлогом. Андан кийин гана көптөгөн адам ажал тапканын түшүндүм. Биз Түркия жана Армениядагы тажрыйбабыздан билебиз, андай учурларда таза суунун тартыштыгынан көптөрү бөйрөк оорусуна кабылышат. Диализ же жасалма бөйрөк машинасын, башка керектүү нерселерди чогултуп, жолго даярдандык. 25 кишиден турган топ, арабызда доктурлар, медсестралар, парамедиктер бар, биринчиле өкмөттүн жардамы менен жөнөйбүз деп ойлогонбуз. Бирок акыр-аягында билеттерди өз акчабызга алдык. Абботтабад деген жерге 10-октябрда кечинде жеттик,

Имараттардын көпчүлүгү жер менен жексен болуп калган. Элдер палаткаларда баш калкалап жүрүштү. Пакистанда бирөө өлсө, жакындары өкүрүп бакырып ыйлашат, ал жолу болсо элдер шок абалында үн чыгарбай отурушту. Дагы бир көзгө урунаарлык нерсе, аялдар менен балдар дээрлик көрүнгөн жок. Жер титирөө эртең менен тогузга 10 минута калганда болгон, ал саатта аялдар менен балдардын көпчүлүгү үйдө болушат. Алардын көбү урандылардын астында калды.

Жасалма бөйрөк жабдыгын орноткондон кийин 7-8 кишини даарылай баштадык. Мен алар менен дээрлик 24 саат өткөрүп: “Бир нерсе болуп кетсе, мен силер менен кошо өлөм”, - деп айтым.

Абдан чарчап жүрдүм. Анын үстүнө Рамазан айы болчу. Күндүз Орозо кармаймын, кечке чейин иштейм. Бирок элдер ооз ачканга тамак-аш алып келип берчү. 20 жаштагы бир бала бар болчу. Музаффарабаддагы университеттин студенти. Зилзала болгондо ал үйүндө экен. Урандылардын алдында калып, эки буту тең жабыркаган. Жакындары аны башкалардын жардамы менен бейтапканага алып келишкен. Атасы баласын аркасына отургузуп алып, бир нече километр жөө басып келди. Биз аны дарылагандан кийин Карачиге кайтып кеттик. Абботабадда 2 жума болдук. Карачиге бардык пациенттерибизди да ала келдик.
Жанагы бала болсо сакайып кетти, ал мага жакында телефон чалып, үйлөнгөнү жатканын айтты.

Мен армияда 2 жыл кызмат өтөдүм. Бирок мындай шартта эч качан иштеген эмесмин. Бул - өзгөчө бир тажрыйба болду. Мен ал жерде болуп, адамдардын өмүрлөрүн сактап калганыма абдан кубанам..

XS
SM
MD
LG