Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

ТООДОГУ ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ ЭЧКИ ЧАРБАСЫ АЗАЙТАТ


Бодо мал, кой-эчки өстүрүлөрүн эске албаганда, Жалалабат облусунун тоолуу райондорунун калкынын басымдуу бөлүгү жумушсуз жана жакыр. Аксы районундагы тоолуктардын төртөөнө бир сотиктен жер үлүшү тийген. Адистердин айтымында бир гектар жер өндүрүмдүү иштетилгенде гана үй-бүлөнү күнүмдүк азык менен камсыздоого болот. Токойсуз, жайдак жерлерге эчки чарбасын ачып, анын тыбыты менен этин сатып өткөрүүнө өкмөт мойнуна алса, “эсиң кетсе, эчки бак” дегендей, тоодогу жакырчылык менен жумушсуздукту азайтууга өбөлгө түзүлмөк.

Башка мал-жандыктын буту жетпеген адыр-аскалардын коңулунан жем таап жеген эчки кол карабайт. Аксы районундагы аз үлүшүн таш басып, суу тийбеген тоолуу айылдардын тургундары мал-кой, эчки менен жан багат. Алай Жолдубаев 200 эчкисинен 60-80 килограммдай тыбыт тарап алат. Баалуу буюм жасалаар тыбытты иштетер ишканын жоктугунан чет өлкөлүк кардарларга текейден арзан баага карматууга аргасыз:

- Каражыгач базарына алып чыгып пулу бар адамга сатып атабыз. Эгерде тыбытты алып, мурдагы Кызылтуу совхозу болуп турган учурда экономикабыз жакшырып калмак. Азыр базарда тыбытты чет мамлекеттен келгендер алып кетип атат. Анын баасы эч нерсеге жетпей атат.

Колу жука адамдардын эмгегинин үзүрүн тыбытты арзан алган ишкерлер көрүүдө. Карасуу айлынын тургуну Айтымбет Керимбаевдин ою боюнча мамлекет эчкинин эти менен тыбытын кымбат алаар аларманды таап берсе, эчки баккандардын таман акысы акталмак:

- Колунда барларда сакталып турат. Ал эми акчасы жоктор 1-2 килограммдан 300-350 сомдон сатып жиберишет. Бечералар жокчулуктун айынын тыбытты сатып жиберип атышат. Мамлекет тарабынан жардам кылып алармандарды таап келип турса, эл ошонун нугу менен сатса жакшы болот эле.

Жылына эгиз үчэм улак тууйт, кесел анча тийбеген эчки менен тез ирденсе болот. Облбийликтин өкүлү Садырбек Качкынбаев токой жабыркабаш үчүн эчкини жайдак жерде өстүрүү мүмкүндүгүн айтты:

- Көчөттөрдүн, токойлордун келечекте жок болуп кетишине жол берет. Суу жок. Ал эми жайыттар пайдаланылбаган тоолуу, таштуу жерлерге, тоолордун бийик жерлерине да чыгырып эчкини канча көбөйтсөң да боло берет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG