Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

БЕЛАРУС ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ КАРШЫ ЕВРОПА БИРИМДИГИ ЧЕКТӨӨ САЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 19-март күнү Беларустун президенти болуп дагы бир жолу шайланган Александр Лукашенко жекшемби күнү, 9-апрелде салтанаттуу ант берет.

Расми маалыматтар боюнча, Лукашенконун президент болушун добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 82 жарым пайызы жактырган. Экинчи орунга чыккан оппозициялык талапкер Александр Милинкевич алты пайызга жакын гана добуш чогулта алды. Милинкевич жана дагы бир оппозициялык талапкер, Александр Козулин шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылган, бирок аны Борбордук шайлоо комиссиясы дагы, Жогорку сот дагы четке какты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-март күнү шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу талабын кароодон баш тарты. Милинкевич менен Козулин бул чечимге каршы Жогорку сотко арыз берди жана Жогорку сот 5-апрелде аны дагы четке какты. Соттун айтымында, Шайлоо кодекси боюнча, эгер шайлоо комиссиясы шайлоону жараксыз деп тапса, талапкерлердин ага каршы берген арызы каралышы мүмкүн. Ал эми шайлоону жарактуу деген чечимге каршы берилген арыздарды кароо тууралуу Кодексте эч нерсе деп жазылган эмес, ошондуктан Милинкевич менен Козулиндин берген арыздарын кароого негиз жок.

Шайлоонун расми жыйынтыктары толук жарыялана электе, орус президенти Владимир Путин Лукашенкону куттуктады. АКШ жана Европа Биримдиги болсо шайлоонун жыйынтыктарын тааныган жок. 6-апрелде Европа Биримдиги атайын чечим кабыл алып, Беларустун 12 жогорку кызматкерине Европа мамлекеттерине келүүгө тыюу салды - аларга мындан ары виза берилбеш керек: Европа Биримдигине азыр Австрия төрагалык кылат жана Австриянын канцлери Вольфганг Шюссель ал тууралуу минтип билдирди:

"Виза берилбеш керек деген тизмеге Лукашенкону киргизүү чечими Европа Кеңешинде кабыл алынган. Жана Беларустагы тынч демонстрацияга катышкандарды куугунтуктаган адамдарга каршы биз дагы башка санкция салууга даярбыз", - деди Шюссель 5-апрелде.

5-6-апрелде Брюссель шаарында өткөн жана чечим кабыл алынган жыйынга Милинкевич да катышты. Анын айтымында, 12 гана эмес, башка адамдарга каршы дагы чектөө салыш керек:

"Биздин оюбузча, андай тизмеге он-чакты жетекчи гана эмес, кеминде жүздөгөн адам киргизилиш керек. Саясий себептерден чечим кабыл алган сотторго каршы чара көрүш керек. Саясий себептерден студенттерди университеттерден чыгарган ректорлор жазаланыш керек. Митингге чыккандарды сабаган милицияга каршы чара көрүш керек. Коомдогу эркин пикирди жокко чыгарган пропагандисттерге чектөө салыш керек. Биздеги сыналгы азыр сыналгы эмес, ал пропаганда органы", - деди Милинкевич.

XS
SM
MD
LG