Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:37

БАЛБАНДАРДЫН АЛМАТЫДАГЫ АЗИЯЛЫК ТАЙМАШЫ


6-апрелден 9-апрелге чейин Алматы шаарында өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатына кыргызстандык балбандар да катышууда.

Алматыдагы Азия чемпионатына эркин күрөштөн кыргызстандык 7 балбан мөрөй талашууда. Эң жеңил салмакта кыргызстандык спорт чебери Туратбек уулу Нурлан, жеңил салмакта Табылды уулу Сүймөнкул, 66 кг.салмакта Кудурет Белеков, 74кг. салмакта Талант Жекшенов, 84 кг. салмакта Самат Толубаев, 96 кг. салмакта Алексей Крупняков жана оор салмакта Урмат Мустафаев өлкөнүн намысын коргоп жатышат. Адистердин айтымында былтыр Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло байгелүү болгон Алексей Крупняков быйыл дагы баш байгеге талапкердин бири.

84 кг салмактагы күч сынашууга катышып жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Самат Толубаевдин чеберчилигине адистер да жакшы баа берип жүрүшөт.

7-апрелде кыздардын эркин күрөш таймашына жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Жылдыз Эшимова, Азия чемпионаттарынын бир нече ирет жеңүүчүсү Янна Панова менен Нурзат Шайлообаева баштаган балбан кыздар катышып, өлкөнүн намысын коргоп жатышат.

Ошондой эле Алматыда грек-рим күрөшүнөн Азиялык таймаш 8-апрелде башталып, 9-апрелде жыйынтыкталат.

Кыргызстандын намысын коргогону грек-рим күрөшүнөн 7 балбан Алматыга барышты. Алар бүгүн таразага түшүп, эртең 8- апрелде мелдеш башталат. Кыргызстандын туусун Алматыга көтөрүп барышкан Азия чемпионаттарынын күмүш байге ээлери Ринат Усупжанов, жаштар, уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү Уран Калилов, Азия чемпиону, 14-Азия оюндарынын күмүш байге ээси Данияр Көбөнов, жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Асылбек уулу Дамирбек, Куралбек Ордобаев, Азат Эркинбаев жана оор салмакта Нурбек Ибраимов кыргызстандык күйөрмандарды үмүттөндүрүп турат. 84 кг салмакта Атланта олимпиадасынын катышуучусу, жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев жаракат алып калгандыктан Азия чемпионатына катышкан жок.

Кыргызстандык Ринат Усупжанов былтыр жаштар арасында Азия чемпиону аталып, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болгон. Быйыл чоңдор арасында күч сынашууга бел байлаган Ринат Усупжанов даярдыгы тууралуу мындай деди:

- Жакшы формага кирип, табына келип калдык. Кимдин жылдызы жанат, аны алдыдагы мелдештер аныктайт. Негизги атаандаштарым арбын. Айрыкча ирандык жаштар арасында дуйнө чемпиону Ашхани деген жигит бар. Казакстандык атаандаш да оңой жоо эмес. Мындан сырткары дүйнөлүк чемпионаттарда, олимпиадалык оюндарда жеңишке жетишкен кытайлык, жапандык жана кореялык балбандар да бар.

Алматыдагы Азия чемпионатында былтыркы чемпиондук наамын коргоого аракет кылаарын, быйылкы таймашуу курч мүнөздө өтөөрүн Азия чемпиону Данияр Көбөнов айтты.

- Чынында каражаттын тартыштыгынан улам абдан мыкты даярдык көрө алган жокпуз. Өзүмдүн былтыркы чемпиондук наамымды сактоого колдон келишинче аракет кылам. Быйылкы Азия чемпионаты абдан курч мүнөздө өтчүдөй себеби, мында биринчи орунду ээлегендер гана Бакуда өтчү «Алтын кубок» гран- при мелдешине жолдомо алышат. Менин негизги атаандашым Афина олимпиадасынын чемпиону, өзбекстандык Докторашвили менен килем үстүндө күч сынашсам деген тилегим бар. Бул эми чучукулак кармоого жана финалдык топко кошулууга байланыштуу гана болмокчу. Казакстанда калыстар өз жигиттерине тартып койбосо эле болгону. Ким жеңишке жетээрин мелдеш гана аныктайт.

Эми Алматыдан балбандар олжолуу кайтып келишсе, күзүндө Кытайда болчу дүйнө чемпионатына жана декабрда Катарда өтө турган 15- Азия оюндарына барышмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG