Кыргызстан демократиялык күчтөрүнүн kоалициясынын жыйынына анын курамындагы бир катар саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катышты. Жыйын жабык эшик артында өткөрүлдү, анда өлкөдөгү кырдаал талкууланды. Социал-демократиялык партиясынын жетекчиси, өнөр жана соода министри Алмаз Атамбаев белгилегендей, өлкөдөгү кырдаал оор жана мыйзамдуулукту бийлик камсыз кылууга милдеттүү:
Азыр өлкөдөгү саясий кырдаал албетте татаал. Бийлик менен криминал бирикпеши керек. Бийлик тартипти бекем кармаса, эч качан криминал башын көтөрбөйт .
Алмаз Атамбаев ошону менен бирге азырынча Социал-демократиялык партия Коалициянын курамына расмий кире электигин билдирип, партия 29-апрелде нааразылык акцияга чыгаарын маалымдады.
Кыргызстан улуттук кыймылынын тең төрагасы Болот Байкожоев март ыңкылабынан кийинки бийлик элдин үмүтүн актабай жатат деп эсептейт:
Азыр өлкөдөгү кырдаал кыйын болгону үчүн экономика өспөй жатат. Жаңы бийлик болсо, Акаевдей эле, айткан убадаларын аткарбай жатат. Элдин үмүтүн азыркы бийлик аткара албай атат ,- деди Болот Байкожоев.
Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов эгерде бийлик криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө каршы чечкиндүү чараларды көрбөсө, алар бийликтин өзүнө коркунуч туудурушу мүмкүн деп божомолдойт:
Криминалдык чөйрөнү бош кое берип алып туруп, биз түрмөнүн же болбосо, кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдары менен жашап калабыз дагы, тилекке каршы, Бакиевдин түбүнө ушулар жетет да. Ошондуктан, азыр Курманбек Салиевич эң ириде президент катары түшүнүп туруп, өтө олуттуу чараларды көрүшү керек .
Өлкөдөгү айрым саясий партиялар тескерисинче, өлкөдөгү саясий жана экономикалык кырдаалды канааттандырарлык деп эсептейт.
- Бир жылдын ичнде саясий стабилдүүлүк орун алып жатат,-дейт «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев.-Ал эми ошол стабилдүүлүк көп саясатчыларга жакпай жатат деген Бакиевдин сөзүнө мен кошулам. Алар улам чуу түшуп, чакчалекей болушуна куштар болуп турушат. Демек, Бакиевдин ордун аңдып, аны кетирип, өздөрү бийликке келебиз деген күчтөр ошентип кыйкырып жатышат да. Алар өздөрү бийликтин ичинде отуруп алып, криминалга каршы чечкиндүү чараларды көрбөй жатат .