Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

КЕРЕМЕТ ҮКӨК : АЗИЯ ТУУРАЛУУ КИНО ОРУС ТЕЛЕСИНДЕ


Жаңыл Жусубжан, Айжан Шаботоева Ушул күндөрү Орусиянын сыналгысында айрым сынчылар "борбор азиялык провинциалдык трилогия" деп сыпаттаган "Чудная долина" же "Сыйкырдуу өрөөн" аттуу толук метраждуу фильм көрсөтүлдү. Фильмдин режисеру Рано Кубаева өзү аны бүгүнкү күн тууралуу тамсилдүү кино деп эсептейт.

Азыр Маскөөдө жашаган ташкендик киночу менен телефондон байланышып, "Cиздин филмиңизди бирөөлөр мактап, башкалар сындап жатышат, өзүңөр кандай карайсыңар" деген суроо менен кайрылдым:

Рано Кубаева: Менимче, бул тасманы көргөн киши Өзбекстанда эмне болуп жаткандыгын түшүнөт. Шедевр деле болбосо керек, бирок көптөр айкандай, көрөрмандардын бир бөлүгү бул фильмди түшүнгө труган деңгээлге өсүп жете элек. Мен бул жакшы, чынчыл кино деп эсептейм.

Жаңыл Жусубжан: Өзбекстандан эмне үчүн кетип калдыңыз, өзүңүздү ким деп сезесиз?

Рано Кубаева: Мен өзүмдү адам деп сезем, улуту жок. Албетте мен өзбекмин, бирок Ташкенде иш жок, ошондуктан кеттим. Болбосо, ошол жакта эле иштей бермекмин.

Жаңыл Жусубжан: Маскөөдө деле Кубаеванын туруктуу иши жок, бирок жакында "Россия" каналына 16 сериалуу фильм тартып бүттү. Өз мекениндеги абалга айрыкча Анжиян кыргынынан кийин өтө кабатырланат:

Рано Кубаева: Адам Өзбекстанда болуп жаткан нерселерге кантип кайдыгер карай алат?! Мен эч кандай партияга кирбейм, оппозицияда деле болбосом керек. Бирок ал жактагы жашоого жүрөгүм ооруйт. Көргөн, уккандарыма акылым жетпейт. Айрыкча Анжияндагы окуялардан кийин акыл-эси ордунда болгон адам кайдыгер кала албайт. Анжиянды айтпаганда деле, таксиге түшүп, бир кыдыргылачы, баарын өзүңөр түшүнөсүңөр.

Жаңыл Жусубжан: Рано Кубаева Өзбекстанда 1994-жылы "Мадшая" же "Кичүү сиңдим" деген фильм тарткан, ошондой эле "Кийинекей Мук", Авиценна тууралуу "Генийдин жаштыгы", Тажиккино менен бирдикте тартылган "Багдадда баары тынч" сыяктуу фильмдерде ойногон. Азыр "Барс" киностудиясы менен бирдикте толук метраждуу көркөм фильмдин сценарийине конкурс өткөрүп жатат:

Рано Кубаева: Негизгиси, бул Борбор Азияга байланышкан жакшы сценарий болуш керек. Мага кээ бир кино-сынчылар Азияңды унут, Орусияда эле кино тарт деп айтышат, бирок мен Азиясыз жашоомду элестете албайм. Мен тарткан филмдер европалыктарга, орустарга түшүнүксүз деп эсептебейм. Орусияга же Батышка келип жашап жаткан азиялык адамдын жашоосу тууралуу сценарий болсо дейм.

Жаңыл Жусубжан: Ооба, Орусия Азия менен киндиктеш , бирок азиялыктар да Орусияга муктаж болуп турган заманда жашап жатабыз.

МАДАНИЙ АЛАКАНЫ БЕКЕМДЕГЕН ФЕСТИВАЛЬ

Бишкекте ушул күндөрү региондун маданияттарынын карым-катнашына арнаган фестиваль өтүп жатат. Бул эмне болгон фестивал экенин Айжандын репортажынан билебиз:


Айжан: Борбордук Азиядагы Америка университетинин «Маданий антропология жана археология бөлүмү», Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана Борбордук Азиядагы «Кол өнөрчүлүк Ассоциациясы» менен биргеликте өткөрүлүп жаткан фестивалдын негизги максаты Борбордук Азия чөлкөмүндөгү маданияттардын ортосундагы өнөктөштүктү, карым-катыш менен өз ара түшүнүүчүлүктү өнүктүрүү жана аларга тиешелүү баалуу көрүнүштөрдү ачыкка алып чыгуу менен бирге жандандыруу болуп саналат. Төрт күнгө созулган фестивалдын алкагында «Орто Азиядагы эмпирикалык изилдөөлөр» деген темада конференция өткөрүлүп, ага жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, түрдүү улуттагы элдердин каада-салттарын чагылдырган театралдык оюндардын үзүндүлөрү көрсөтүлдү.

Бул фестивалга Өзбекстандан, Түркмөнстандан, Сауд Арабиясынан, Ооганстандан келген балдар болду. Алар өздөрүнүн биз кыргыз үрп-адаттарын көрсөтүп, маданияттык байланыш болду.

Фестивалдын экинчи күнүндө Америка университетинин алдына чатырчалар тигилип, кыргыз чеберлеринин, уздарынын, зергерлердин колунан жаралган буюмдардын жарманкеси, жана сүрөт көргөзмөсү өттү. Жарманкеге келген көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү студенттер болду. Кеч киргенче созулган жарманкеде кол өнөрчүлөр менен баарлашып, буюмдардын жасалышына, кооздугуна кызыккандар көп болгону менен сатып алуучулардын саны чектелүү болду. Муну борборубуздагы Сүймөнкул Чокморов атындагы окуу жайдын чеберлери да тастыкташты.

«Борбордук Азиядагы маданияттардын алакасы» фестивалынын алкагында жүрүп жаткан жарманке бүгүн да өз ишин улантат. Ал эми кечки саат төрттө Америка университетинде Эрнист Абдыжапаровдун «Айыл өкмөтү» тасмасы көрсөтүлүп келген көрүүчүлөр фильмдин түзүүчүлөрү менен баарлашууга мүмкүнчүлүк ала алышат. Эртең «Ордо-Сахна» этнографиялык –фольклордук тобунун концерти жана элдик стилдеги мода көргөзмөсү менен фестиваль жыйынтыкталат.
XS
SM
MD
LG