Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

НИЯЗОВ УЙГУРЛАРГА КАРШЫ ФРОНТКО КОШУЛДУ


Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов Кытайдагы алты күндүк визитин аяктады. Сапар маалында ал кытай жетекчилери менен экономика жана коопсуздук чөйрөсүндө бир нече келишимдерге кол койду. Документтердин биринде эки өлкө биргелешип “терроризмдин бардык түрүнө”, анын ичинде өзүн “Чыгыш Түркстан” деп атаган кыймылга каршы күрөшө тургандыгы айтылат.

Кытайдын төрагасы Ху Цзинтоа менен түркмөн президенти Сапармурат Ниязов кол койгон декларацияда тараптар терроризмдин,сепаратизмдин жана экстремизмдин кылтасын кыркканга чечкиндүү экени ырасталат. Мунун баарын алар “үч балээ” деп аташты жана ага каршы күрөштө эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн кызматташтыгын бекемдөөгө сөз беришти.

“Үч балээ” деп документте уйгурлардын “Чыгыш Түркстан” кыймылы аталды. Бул уюм Кытайдын Шинжан провинциясындагы 19 миллиондон ашуун мусулман калкынын эгемендигине жетишүү максатын көздөйт. Уюмдун Швециядагы маалымат борборунун өкүлү Дилшаади Решити Пекин бийликтери кыймылды бүткүл Борборазиядан сүрүп чыгаргысы келип жатканын белгиледи. “Кытай биздин кыймылга Казакстан менен Кыргызстан эле эмес, жалпы эле региондогу өлкөлөр жардам бербей, өгөйлөп мамиле жасашын, буга кепилдик алууну каалайт”, - дейт Решити.

Кытай боюнча лондондук эксперттердин бири Кристиан Лемиер бул ойго кошулат. “Кытайдын батыш провинциясындагы башкы саясаты - Борборазиядагы бир дагы өлкө уйгур сепаратисттерине финансылык жана башка колдоо көрсөткөн жокпу,ушуга өтүлдүк алууда турат. Ушу максатка жетүү үчүн бир катар жылдардан бери уйгурлардын кыймылын ислам терроризмине байланыштырып жүрөт”, - дейт Лемиер.

Соңку жылдары Кытайда бомба жарылган, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кол салган окуялар болду. Мунун баарын Пекин уйгурлардын кыймылына жүктөп, анын активисттерин, Шинжанда атайын “тазалоо” операцияларын өткөрдү.

Дилшаади Решити уйгур активисттеринин террорго эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи. “Биз уйгурлар түрк тилдүү калкпыз.Кытайлыктардан маданиятыбыз,динибиз жагынан айрымаланабыз. Биз өзүбүздүн ушул урк-наркыбызга ылайык жашагыбыз келет. Бирок өз тагдырыбызды согуш аркылуу эмес, демократиялык процесс аркылуу аныктаганга умтулабыз”, - дейт Решити.

Пекинде кол коюлган документке токтолуп,Решити анын “Чыгыш Түркстан” кыймылына анчейин деле таасири тийбей турганын көрсөттү. Түркмөнстан менен уйгурлардын активдүү байланышы,карым-катнашы жок. Кытай болгону Түркмөнстандан анда-санда Шанжанга каттап калган соодагерлер аркылуу уйгур активисттери тыштан саясий адабияттарды, кинотасмаларды алып турбасын деп чочулайт. Анын үстүнө Кытай менен Түркмөнстан бир-бирин жакшы түшүнүшөт. Эки өлкө тең катаң жана катаал бийликти жакташат, демократиялык ыңкылаптардан коркот, дейт Решити.

XS
SM
MD
LG