Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Нарын облусунун аймагына келген туристердин үчтөн бир бөлүгү гана расмий маалымдалат


НАРЫН. Облакимчиликтин баш катчысы Кубанычбек Өмүрзаковдун айтымында облустагы ар кандай үлгүдөгү 42 туристтик фирмалардан болгону болуп сегизи ачык иштейт. Өткөн жылда Нарын эркин экономикалык аймагы аркылуу 3403 турист 48 өлкөдөн келишкен. Кочкор районуна 1210, Атбашыга 618 турист келген болсо, Акталаа, Жумгал райондорунан эч бир маалымат берилген эмес. Биздин эсептөөлөр боюнча жылына 15 миңдин айланасында туристтер келет экен, бирок алардын дээрлик үчтөн бири эле расмий билдирилет.

Аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү!

10-апрелде Чүй жана Талас аймактарында жамгыр жаап, карга айланат. Ошондой эле 9-11-апрелде Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында 0...-5 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүктүн жүрүшү мөмөлү жемиштерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

8-апрелде Кыргызстанда жаан-чачындын болушу күтүлөт, тоого кар түшөт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +3...+8 градус.
ТАЛАСта түнкүсүн 0...+5, күндүз +2...+7 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +5...+10.
ЫСЫККӨЛ өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10 градус.
НАРЫНда түнкүсүн -4...+1, күндүз +3...+8 градус.
БИШКЕК шаарында жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +6...+8 градус.

Аманбек Жапаров
Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG