Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

БОРБОР АЗИЯ ЭЛДЕРИНИН МАДАНИЙ АЛАКАСЫ ЧЫҢДАЛУУДА

«Борбордук Азиядагы маданияттардын алакасы» деген аталыштагы фестиваль өттү. Бишкекте 1-апрелдик фестивалдын негизинде жүрүп жаткан эл аралык көргөзмө өз ишин аяктады.

Жуманын башында Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистери өзбек драматургу Сайид Ахмаддын пьесасына коюлган «Күйөө бала» аттуу спектаклдин премьерасын көрсөтүштү. Спектакль келген көрүүчүлөргө аябай жакты десек жаңылышпайбыз, себеби оюн бүткөнчө кол чаап, артисттерди колдоп турушту.Көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан бул оюн эмки жумада да көрсөтүлмөкчү.

Шейшемби, шаршемби күндөрү белгилүү кинорежисер Эрнист Абдыжапаров чыгармачылык кечесин өткөрдү.Кечеде анын тасмаларынан үзүндүлөр, видеоклиптер көрсөтүлүп, көрүүчүлөр менен баарлашып, алардын кино жаатында кызыктырган суроолоруна жооп берди. Ошондой эле режисердун аткаруусундагы ырлар жаңырды.

Бул аптада ошондой эле «Борбордук Азиядагы маданияттардын алакасы» деген аталыштагы фестиваль өттү. Бул маданий иш-чара конференция, жарманке, сүрөт, элдик стилдеги мода көргөзмөсү жана Ордо-Сахна этнографиялык-фольклордук тобунун концерти менен коштолду. Борбордук Азиядагы Америка университетинин «Маданий антропология жана археология» бөлүмү тарабынан уюштурулган фестивалдын максаты туурасында аталган бөлүмдүн жетекчиси Айгерим Дыйканбаева буларга токтолду:

-Борбордук Азия чөлкөмүндөгү маданияттардын ортосундагы алаканы өнөктөштүктү өнүктүрүү жана аталган маданияттарга тиешелүү баалуу көрүнүштөрдү ачыкка алып чыгуу максатында бул иш-чараны өткөрүп жатабыз.

Ишембиде Бишкек 1-апрелдик фестивалдын негизинде жүрүп жаткан эл аралык көргөзмө өз ишин аяктады. 1жума бою Бишкектин тургундары жана коноктору Австрия, Армения, Боливия, Орусия, Тажикистан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген жана Кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн, бедисчилердин, дизайнчылардын колунан жаралган эмгектерге күбө болушту. Бул иш чараны «Museum» студиясы жана «Тумар Арт» тобу уюштурган. Долбоордун менеджери Гүлзат Мамбеталиеванын айтымында салтка айланган бул фестивалды өткөрүүдө быйыл бир топ кыйынчылыктар болгон.

-Акча каражаттын аздыгына байланыштуу фестиваль өткөрүлбөй калат деген да коркунучтар болду. Биздин бизнес структуралар маданиятка акча бөлүп, демөөрчү болгонго даяр эмес экенин билдик. Анткени отоузга жакын бизнес структураларга кайрылып көрдүк, бирок алар ар кандай шылтоолорду айтып, жардама берүүдөн баш тартышты. Андыктан бул фестивалга кайра эле чет олкөлүк фонддор колдоо көрсөтүшүүдө.

Мына ушундай кыйынчылыктар менен өткөн фестивалдын жыйынтыгында баш байгеге Кыргызстандык сүрөтчүлөр Диля Халмурзина менен Эрнест Абдразаков татыктуу болушту. Ал эми биринчи, экинчи орундар Орусиядан жана Казакстандан келген сүрөтчүлөргө ыйгарылды.
Куржундар
XS
SM
MD
LG