Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

КЫРГЫЗСТАНДЫК БАЛБАНДАРДЫН АЛМАТЫДАГЫ ЖЕҢИШИ


9-апрелде Алматы шаарында грек-рим жана эркин күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Алматыдагы Азия чемпионатына эркин күрөштөн кыргызстандык 7 балбан мөрөй талашты. Алардан айырмаланганы 74кг. салмакта Талант Жекшенов менен 96 кг. салмакта Алексей Крупняков болду. Адистердин айтымында Талант Жекшенов Азия чемпионатынын коло медалын татыктуу жеңип алган. Ал эми былтыр Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло байгелүү болгон Алексей Крупняков быйыл дагы чемпиондук наамын коргоп алмак. Жарым финалдык таймашууда колун кокустатып алгандыктан машыктыруучулар Алексейдин кийинки тагдырын ойлоп, алтын байге үчүн таймашууга чыгарган жок. Натыйжада Алексей Крупняков Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды.

Кыздардын эркин күрөш таймашында Азия чемпионаттарынын бир нече ирет жеңүүчүсү Янна Панова Алматыда дагы коло байгелүү болду.

Ошондой эле Алматыда грек-рим күрөшүнөн Азиялык таймаш 8-апрелде башталып, 9-апрелде жыйынтыкталды. Алматыда балбандарды сүрөөнгө алып жүргөн өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин директору Бектур Асанов менен телефон аркылуу байланышканда мындай деди:
- Балбандар формага кирип, табына келип калган эле. Негизги атаандашуу абдан курч мүнөздө өттү. Айрыкча ирандык, кореялык, казакстандык балбандар мыкты даярдык менен келишкен экен. Казакстандык атаандаштар да оңой жоо болгон жок. Себеби айрым учурда калыстар казактарга тартып коюп жатышты. Биздин эки балбан Азат Эркинбаев менен Асылбек уулу Дамирбек таза жеңсе да утушту казак балбандарына ыйгарып коюшту. Кыргызстандык балбандар Алматыдагы Азия чемпионатында үч күмүш, эки коло байгелүү болушту. Кыздардын дээрлик баары төртүнчү орунду ээледи. Жигиттердин көбү мыкты чеберчилигин көрсөтө алышты.

Кыргызстандын намысын грек-рим күрөшүнөн 7 балбан коргоду. Натыйжада жаштар, уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү Уран Калилов 55 кг салмакта Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болду.

14-Азия оюндарынын күмүш байге ээси ,Азия чемпиону Данияр Көбөнов Алматыдагы Азия чемпионатында былтыркы чемпиондук наамын коргоого аракет кылганын менен, быйылкы финалдык таймашууда аз упай менен ирандык атаандашына алдырып коюп, күмүш байгени камсыз кылды.

Жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Асылбек уулу Дамирбек, менен Азат Эркинбаевди калыстар басынтып коюп, финалдык топко чыкпай калганын өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов билдирди:

-Чынында каражаттын тартыштыгынан улам балбандар абдан мыкты даярдык көрө алган жок. Быйылкы Азия чемпионаты абдан курч мүнөздө өттү. Азиядагы 19 мыкты спорттук державалар катышты. Себеби, мында биринчи орунду ээлегендер гана Бакуда өтчү «Алтын кубок» гран-при мелдешине жолдомо алышты. Казакстанда калыстар өз жигиттерине тартып коюп, эки жигитибиз коло байгеден куру калышты.

Эми Алматыдан олжолуу кайтып келишкен балбандар майда Бакуда, жайында Орусия жана Польшада өтө турган эл аралык мелдештерге барышат. Ал эми күзүндө Кытайда болчу дүйнө чемпионатына жана декабрда Катарда өтө турган 15-Азия оюндарына азыртан даярдык көрүү зарыл дешет спорт адистери.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG