Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

ИРАК ТӨРТ АЙДАН БЕРИ ЖАҢЫ ӨКМӨТ ТҮЗӨ АЛБАЙ ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Иракка каршы АКШ баштаган согуш аяктаганына үч жыл толду. 2003-жылдын 9-апрелинде Багдад шаарынын борборунда турган президент Саддам Хусейндин эстелиги эл тарабынан кулатылган жана АКШ 20-март күнү баштаган согуштун негизги бөлүгү аяктаган.

Үч жыдын ичинде Иракта үч шайлоо өткөрүлгөнү менен, толук тынчтык орной элек жана өлкөнүн туруктуу парламенти декабрда шайланганы менен, төрт айдан бери өлкө өзүнүн туруктуу өкмөтүн түзө албай жатат.

Согуш башталганынын үч жылдыгын утурлап, өлкөнүн мурдагы убактылуу премьер-министри Айяд Аллави 19-март күнү - Иракта азыр ич-ара согуш жүрүп жатат деп билдирген жана өлкө жетекчилиги аны катуу сынга алган. Бирок ошондой эле пикирди 8-апрелде Мисирдин президенти Хосни Мубарак "Ал-Арабия" сыналгысына берген интервьюсунда кайталады. Анын эртеси, 9-апрелде Сауд Арабиянын тышкы иштер министри ханзада Сауд дагы Иракта азыр ич-ара согуш жүрүп жатат деп билдирди.

Ирактын көптөгөн саясий партиялары абалдын өтө опурталдуу экени үчүн убактылуу премьер-министр Ибрагим ал-Жаафарини күнөөлөп жатат. Алардын айтымында, өлкөдө орун алган куралдуу кагылышууларды жана өзгөчө диний-араздашуулардын негизинде февралда башталган чатактарды басуу үчүн премьер чечкиндүү чара көрө алган жок.

Декабрда парламенттик шайлоо өткөрүлгөндөн кийин үч айдын ичинде ал сессияга чогулуп, өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүш керек болчу, бирок ким премьер-министр болуш керек деген маселе чечилбегендиктен, парламент 16-мартта 40 мүнөткө созулган бир гана жыйын өткөрө алды.

Жаңы парламенттеги көпчүлүктү шийилер түзгөндүктөн, премьер дагы ошолордун арасынан чыгууга тийиш. 12-февралда шийилер Жаафарини кайрадан талапкер кылып көрсөткөн, бирок суннилер менен күрддөр ага макул эмес, шийилер ичинде дагы Жаафариге каршы чыккандар арбын. Анткен менен Жаафари премьерликтен кетпей турганын бир нече жолу билдирди жана акыркы апталарда көптөгөн татаал сүйлөшүүлөр болуп өттү.

9-апрелде болсо сунни жана күрд саясатчылары эки башка жыйын өткөрүп, эгер шийилер баары бир Жаафарини расми түрдө премьерликке көрсөтсө, ага каршы добуш берүү тууралуу эки башка чачим кабыл алды. Ошол эле күнү шийи фракциялары дагы талкуу өткөрүп, Жаафаринин талапкерлиги боюнча маселени чечүү максатында үч адамдан турган атайын комиссия түздү.

"Азаттыктын" аналитиги Кэтлин Ридольфонун айтымында, эгер шийилер Жаафаринин талапкерлигинен баш тартса, алардын өздөрүнүн альянсы тарап кетүү коркунучуна душар болот:"Шийи альянсынын өзүнүн ичинде бир нече айдан бери араздашуулар жүрүп жатат жана көп нерсе - Муктада ас-Садрдын өсүп бараткан мааниси менен байланыштуу. Анын колдоочулары парламентте 30 орун утуп алган, алардын мааниси зор жана алар Жаафаринин премьер болушун колдоп жатат. Эгер Жаафари Садрдын пикирин өзгөртө алса, анда ал талапкерликтен чегинсе дагы, альянс чачырабай ордунда калат", - дейт Ридольфо. Садр мурда Иракта америкалык аскерлерге каршы бир нече козголоң уюштурган.

Ирактагы мындай опурталдуу абал тууралуу Батыш мамлекеттери дагы улам өсүп бараткан тынчсыздануу билдирүүдө. 2-3-апрелде Багдадка АКШ менен Британиянын тышкы иштер министрлери Кондолиза Райс менен Жек Стро келип кетти жана премьерди тандоо ишин ылдам бүтүрүүнү талап кылды.

АКШ сенатору Жон Керри болсо 10-апрелде өлкө жетекчилигине кайрылып, эгерде Ирак өкмөтү 15-майга чейин түзүлбөсө, америкалык аскерлер өлкөдөн чыгарылып кетүүгө тийиш деп билдирди. Анын айтымында, АКШ жетектеген коалицияга кирген мамлекеттер жана Ирактын кошуна өлкөлөрүнүн жетекчилери чогуу жыйын өткөрүп, Иракта мындан ары эмне кылууну талкуулаш керек..

Сүрөттө : Ирактын убактылуу премьер-министри Ибрагим ал-Жаафари.

XS
SM
MD
LG