Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

ИРАН МАСЕЛЕСИ УЛАМ КУРЧУП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде ар башка маалымат каражаттарында Иранга каршы жакын арада АКШ же Израил тарабынан аскерий сокку урулат деген кабарлар пайда боло баштады. Батыш саясатчылары андай маалыматты такай төгүнгө чыгарат, Тегеран өзү болсо аны америкалык опуза деп баалайт.

Бир кезде Франция Иракка "Осирак" деп аталган өзөктүк реактор куруп бергенде, кошуна Израилдин учактары 1981-жылы Ирактын аба мейкиндигине кирип, аны жөн гана бомбалап жок кылып салган. Айрым байкоочулардын пикиринде, Ирандын өзөктүк ишканаларына каршы дагы ошондой аракет көрүлүшү мүмкүн жана андай чабуулду Израил гана эмес, АКШ өзү дагы ишке ашырышы толук ыктымал.

"Нью-Йоркер" деп аталган америкалык апталык гезит 9-апрелде жазып чыкканга караганда, АКШнын жогорку аскерий жетекчилиги Иранга каршы күч колдонууга көп көңүлсүбөгөнү менен, Коргоо министрлигинин Илимий кеңеши Иранга каршы тактикалык өзөктүк курал колдонуп, анын өзөктүк ишканаларын жок кылып салуу керек деген сунуш менен чыкты.

Ошол эле күнү дагы бир таасирдүү америкалык гезит - "Вашингтон пост" - атайын макала жазып чыгып, АКШ жетекчилиги азыр Иранга аскерий сокку уруу планы үстүндө иштеп жатат деп билдирди. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро ошол эле 9-апрелде андай маалыматтын баарын четке кагып, аларды сандырак деп атады.

Анткен менен "Файнэншл таймс" гезити 10-апрелде билдиргенге караганда, министр антип айтканы менен, премьер-министр Тони Блэр бул маселе боюнча эч нерсе деп билдире элек. Ошондуктан Жек Стронун айткан сөздөрү - Британиянын өкмөтү менен тышкы иштер министрлиги ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгонунун белгиси деп жазды.

Ошол эле "Файнэншл таймстын" маалыматына караганда, Европа Биримдигинде тышкы маселелер үчүн жооптуу Хавье Солананын кеңсеси жакында уюмга мүчө 25 мамлекеттин тышкы иштер министрлерине жашыруун кат таратты. Анда - Иранга карата дипломатиялык жана экономикалык чаралар көрүлүүгө тийиш деп жазылган, мисал үчүн, өлкөгө насыя берүү иштери чектелүгө тийиш. Анткен менен, гезиттин маалыматы боюнча, Иранда иштеген жалгыз эле Италиянын компаниялары үчүн жалпы көлөмү төрт миллиард 800 миллион долларга жеткен ар башка насыялар чегерилген, ошондуктан Иранга карата экономикалык чектөө баштоо ишинде европалык мамлекеттердин өздөрүнүн ортосунда жакында араздашуулар чыгышы мүмкүн.

Женева шаарында жайгашкан Коопсуздук саясаты боюнча борбордун эксперти Шахрам Чубиндин пикиринде болсо, Иранга каршы күч колдонулушу мүмкүн деген кептер АКШда - дипломатиялык чараларды күчөтүү үчүн пайдаланылып жатат: "Маселени аскерий жол менен чечүү мүмкүнчүлүгү чындыгында такыр башка себептерден такай айтылат. Андай коркунуч Кытай менен Орусиянын дипломатиялык аракеттерин күчөтүү үчүн керек. Эгер аскерий коркунуч болбосо, анда Бээжин менен Маскөө кабыл алынып жаткан резолюцияларга жана снуш кылынып жаткан санкцияларга ар башка каршылык көрсөтүшү мүмкүн. Ал эми жакын арада аскерий сокку урулушу толук ыктымал экенин көргөндө, алар өздөрүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, дипломатиялык иштерин күчөтөт", - дейт Чубин.

Анын айтымында, АКШны Иран өзүнүн өзөктүк программалары менен гана тынчсыздандырган жок. Тегеран региондогу террордук уюмдарга колдоо көрсөтүп, кошуна Ирактын ички иштерине кийлигишип жана Израилди жок кылуу керек деп жарыялап жатат. Ошондуктан, америкалык жетекчилер бул мамлекеттин саясатын - анын өкмөтүн алмаштыруу менен гана өзгөртүү мүмкүн деген пикирге келген сыяктуу, - дейт Чубин.

XS
SM
MD
LG