«Бардык нерсенин темир жолу бар. Адамдын өткөн өмүрүнүн темир жолу бар. Ошол жөнүндө" дейт жазуучу Хамид Исмаилов.
1990-жылдары Өзбекстандан сүргүнгө кетүүгө мажбур болгон Хамид Исмаилов бир нече жылдан бери Лондондо жашайт. Ал дайым китеп жазып, чыгармалары Батыш окурмандарына кеңири таанымал болуп калган борбор азиялык саналуу жазуучулардын бири. Мен анын мындай ийгилигинин сырын сураганымда буларга токтолду:
Хамид Исмаилов: Эң жакшы кеңеш – жакшы китептерди жазыш керек. Англия, Америка болсун, калган жерде болсун, жазуучулар бар. Ошол жазуучулардын деңгээлинде китептерди жазыш керек.
Жаңыл Жусубжан: Жана жакшы котормо болуш керек, туурабы?
Хамид Исмаилов: Ырас, котормо жакшы болуш керек. Мен бактылуу адаммын. Анткени, Роберт Чандлер деген котормочум бар Лондондо. Ал Андрей Платоновдун романдарын которгон, такшалган котормочу. Ал менин романымды дагы которду. Көзү өткөндөрдөн эми тирүүлөргө өтүп, менин романымды которуп, абдан атактуу болуп кетти.
Жаңыл Жусубжан: Токмокто туулуп, балачагынын бир бөлүгү Эски-Ноокатта өскөн Хамид Исмаиловдун ата-бабалары Алайдан. Ал өзбек, орус жана англис тилдеринде жазат. Ал Европада сүргүндө жашаган борбор азиялык интеллигенция өкүлдөрү арасында чыгармачылыгын ургалдуу улантып жаткан акын-жазуучулар аз эмес экендигин бышыктады:
Хамид Исмаилов: Мына Швецияда атактуу түркмөн жазуучусу бар. Акмухаммад Велсапар деген киши. 3-4 китеп чыгарды. Дагы чыгарат мындай китептерди. Чынгыз Айтматов агай Брюсселде жашайт, ал жазып жатат. Эң соңку романын окудум, аябай жакшы роман.
Жаңыл Жусубжан: Чынгыз Айтматовду өз каалоосу менен "сүргүндө" жүрөт деп айтсак болот. Сүргүндүн жаман жактары албетте түшүнүктүү. Анткени? ал жердин элине көнүш керек, салтын билиш керек, алар менен тил табыша билгенден кээ бирлер кыйналып калат. Ошол эле убакта сүргүндүн кандай артыкчылыктары бар?
Хамид Исмаилов: Жакшы жагы мындай. Бул жактан өз мамлекетиңди жакшы көрө билесиң. Элиңде көрө билбеген нерселерди бу жерден көрө билерсиң.