Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

ИРАНДЫН ЯДРОЛУК ЧАТАГЫ МУНАЙДЫН БААСЫН АСМАНДАТТЫ


Ирандын ядролук программасынын тегерегиндеги чатак мунайдын эл аралык базардагы баасынын кымбаттоосуна себеп болду. Дүйшөмбү күнү кара майдын баасы 69 долларга чукулдап барып токтоду. 2005-жылдын 30-августунда АКШнын негизги мунай иштетүүчү ишканалары жайгашкан түштүк жээгин Катрина ураганы каптаганда да кара май азыркыдай кымбаттаган. Эл аралык мунай базарындагы кырдаал баалуу металлдардын баасын да өйдө көздөй түрттү.

Дүйшөмбү күнү Лондондогу соодада Түндүк деңиздин бир баррель иштетилбеген чийки мунайынын баасы 68 доллар 93 центке сатылды.

Нью-Йорк биржасында да мунайдын баасы орточо 1 доллар 36 центке кымбаттады.
Түндүк деңиз мунайы 1988-жылы Лондон биржасында сатыла баштагандан бери мынчалык кымбат болгон эмес. Азыр дүйнөлүк базарда сатылган кара майдын 65 проценттен көбүнүн наркы Түндүк деңизинин Брент маркасындагы чийки мунайынын баасына жараша аныкталат.

Инфляцияны эске алганда, кара майдын наркы 1979-жылкы деңгээлине жете элек. Ал жылы Иранда болгон ислам ынкылабынан кийин бир баррель же 139 литр мунайдын наркы бүгүнкү акча менен эсептегенде 80 долларга чыккан.

Иран мунай өндүрүү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда тургандыктан, өлкөдө ар кандай күтүүсүз окуя болсо, анын кесепети мунайдын дүйнөлүк базарында сезилери турган иш.

Маалымат булактарынын ырасташынча, мунай базарындагы кырдаалга АКШ өкмөтү Иранга сокку уруу мүмкүнчүлүгүн үйрөнүп жатат деген кабар шыкак болгон. Мындай кабарды “Нью-Йорк Таймс” гезити менен “Нью-Йоркер” журналы жекшемби күнкү сандарында кабарлашкан эле.

Дүйшөмбү күнү президент Жорж Буш Иранга сокку уруу пландалып жатат деген кабарды бүтүндөй калпка чыгарды:

- Мен дем алыш күнкү гезиттерден Иран жөнүндөгү макалаларды окудум. Аларды “жапайы спекуляция” деп айтаар элем. Өлкө байтактында сиздер бул сындуу түркөй кабарларды тез-тез угуп турасыздар.

Президент Буш, ошондой эле, АКШ бийликтери Ирандын ядролук чатагын дипломаттык жол менен жөндөөгө куштар экенин баса белгиледи.

Анткен менен, көпчүлүк эксперттер Иран кризиси жөндөлмөйүнчө, мунай рыногундагы абал олку-солку болуп тура берет дешет. Лондондогу Barklay capital инвестициялык банкынын талдоочусу Кевин Норристин боолгошунча, геосаясый кырдаалдан улам жакынкы жумаларда мунайдын баасы 70 доллардан ашып кетиши мүмкүн.

Мунай рыногундагы опур- топурдан улам алтын да кымбаттап кетти. Дүйшөмбү күнү түшкө чейин Нью-Йорк биржасында 1 унция ( 31, 1 грамм) алтын 598 доллар 10 центке жетип, бешимден кийин 593 долларга кайра түштү. Бул акыркы 25 жылдагы эң кымбат баа.

Күмүш да 1983-жылдан бери биринчи жолу бийик сереге көтөрүлүп, 1 унция күмүш 12, 5 доллардан сатылды.

Өткөн 2005-жылдан бери кара майдын эл аралык базардагы баасы 40 процентке жогорулады. Баанын жогорулашына баарынан да экономикасы ылдам өсүп бараткан Кытайдын талабынын өскөнү айрыкча таасир этти.

XS
SM
MD
LG