Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Ооган согушунун катышуучулары нааразылыкка чыкты


ОШ. Ооган согушунун катышуучулары Ош шаардык мэриясынын алдына келишип мындан алты ай мурун жергиликтүү бийлик мойнуна алган талаптарды алиге чейин аткарбай келе жаткандыгын айтышып, Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаковго ишенбөөчүлүк билдирген нааразылык жыйынын уюштурушту. Ооганчылар коомунун төрагасы Карыбек Басанов ооганчыларга турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүү, мыйзамда каралган жеңилдиктерди толук аткаруу жана майыптуулугу үчүн төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдүн өчөмүн көбөйтүү талаптары коюлуп, ушул күнгө чейин бирөөсү да аткарыла электигине токтолду. Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков ооганчылар менен жолугушуп, алардын талаптарынын ичинде өкмөттүк деңгээлде карай турган маселелер да бар экенин айтуу менен чечим чыгаруу үчүн бир аз убакыт берүүнү суранды.


Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 12-апрелде Кыргызстанда ала булут каптап турат. Жаан-чаычн күтүлбөйт. Түндүк-батыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-3, күндүз +6...+11 градус.
Таласта түнкүсүн -2...-4, күндүз +5...+10 градус.
Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен дубандарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15 градус.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +5...+10 градус.
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз +6...+11 градус.
Ордо калаабыз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2, күндүз +8...+10 градус.

Күндүн узактыгы 13 саат 13 мүнөт.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG