Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Батукаев депутат Акматбаевди өлтүрүүгө алдын ала камынган


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаар сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин, жаза аткаруу башкармалыгынын башчысы Икматулла Полотовдун жана Жогорку Кеңештин эки кызматкеринин өлүмү боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Бул иш боюнча кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү аталган Азиз Батукаев баштаган 39 адам айыпталууда. Сот жыйынында бул ишке түздөн-түз тишеси бар делген алты адамдын үстүнөн жүргөн тергөөнүн жыйынтыгы маалымдалды. Анда Азиз Батукаевге депутат Тынычбек Акматбаевди өлтүрүүгө алдын ала даярданганы жана жан жөкөрлөрүнө буйрук бергени тууралуу айыптар коюлуп жатканы айтылат. Депутат Тынычбек Акматбаев баштаган жогорудагы адамдар былтыр октябрь айында Аламүдүн районундагы 31-абактын абалы менен таанышууга барган учурда түрмөдө жаткандардын колунан каза тапкан.

XS
SM
MD
LG