Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

ГАНСИДЕ ИШТЕГЕН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖУМУШЧУЛАР ДАГЫ БИР ЖОЛУ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ


11-апрелде Ганси аскер базасында иштеген жергиликтүү жумушчулар дагы бир жолу нааразылык акциясына чыгышты. Алар айлык акыларынын кыскарганына жана алар менен жаңы келишим түзүлбөй жатканына кабатыр болушууда.

Мындан бир апта мурда “Гансиде” иштеген жергиликтүү жумушчулар нааразылык акциясына чыгышкан. Андан кийин аларга “Дамак” атту “Гансиде” иштеген фирма эмгек акысын төлөп берген. Бирок жумушчулар менен эмгек келишими түзүлө элек. Бул жагдай тууралуу “Ганси” аскер базасындагы ашканада иштеген Жумабек Чалбаров мындай деди:

- Акция болгондон кийин бүгүн айлык акыбызды беришти. Бирок эмгек келишимин түзө элек. Келишимди бир жумадан кийин беребиз дешүүдө. Жакпай калгандарды, наразычылык акциясын уюштургандарды бошотуп жиберебиз дешүүдө.

Буга чейин авиабазаны тейлеп иштеп келген “АCEC” фирмасы жергиликтүү жумушчулардын укуктарын кадырлап, суроо-талаптарын эске алчу экен. Өткөн жылы аскер базаны тейлөө боюнча кезектеги тендерди арабстандык “Дамак” фирмасы жеңип алган. Марттан бери фирма жергиликтүү жумушчулардын эмгек акысы 70-80 пайызга кыскартып койгон деген маалыматтар бар.
Ортомчу болуп жаткан арабдардын “Дамак” фирмасы кырдаалды курчутуп, таталдаштырып жатат,-деди акциянын катышуучусу Алина Атаназарова.-Буга чейин “АСЕС” деген фирма төлөйбүз деп чегерилген сумманы толугу менен төлөчү. Ал эми азыркы фирма айлыгыбызды толук төлөп берген жок. Ошон үчүн аскер кызматкерлери менен сүйлөшүп, нааразылык акциясына чыкканбыз. Базанын жоокерлери биздин талаптарды туура көрүүдө. Калыс чечип берүүнү талап кылып жатышат. Анткени булар бизди жакшы билет.

“Ганси” аскер базасындагы “Ала-Тоо” жана “Апстаун” ашканаларында 150гө жакын жергиликтүү ашпозчу-жумушчулар төрт нөөмөт менен иштешет.

Эмгек келишими мурдакыдай түзүлбөсө дагы иш таштоого арасыз болобуз дейт ашпозчулардын жетекчиси Эркин Айдабасунов:
-Бизди алдаган түрдө бир айлык акыбызды бербей, келишимдеги милдеттерин аткарбай койууга аракет кылышты. Эгерде келишимди мурдакыдай түзбөсө, иш таштоо уюштуруп, жумуштан кетүүгө аргасыз болобуз.

Нааразылыкка чыккандар менен аскер базанын расмий өкүлдөрү жолугушкан. Жумушчулар койгон талаптар “Дамак” фирмасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен каралып, негизсиз иштен бошотулгандар кайра ишке кабыл алынды. Ошондой эле март айынын айлыктары төлөнүп берилди.
Эмгек келишиминин шарттары каралып жатканын аскер базасынын коомчулук менен иштөөчү бөлүмдүн өкүлү сержант Гейл айым билдирди:

-Жергиликтүү жарандардын кызыкчылыктарын эске алууну иш берүүчүлөргө сунуш кылып жатабыз. Андыктан сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Келишимди кандайча түзүшөт ага биз кийлигише албайбыз.
“Дамак” фирмасынын өкүлдөрү менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыкпады.
Бул жагдай боюнча өлкөнүн тышкы иштер министрлиги кабардар болгону менен эмгек келишимдерин түзүүгө кийлигише албайт экен.

-Эки тарап эмгек келишимдерин биз аркылуу түзүшкөн эмес. Ошондуктан алардын укуктарын коргойлу десек, келишимдин талаптарын биз билбейбиз,-деди тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов.

Жаңы эмгек келишимдери өлкөнүн мыйзамдарына ылайык түзулүүсүн талап кылып жатышканын жергиликтүү ашпозчулардын жетекчиси Нурлан Какаев билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG