Парламентте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир жылда аткарган иштери талкууланып, көпчүлүк депутаттар аталган министрликти, анын жетекчилерин катуу сынга алышты. Айрым депутаттардын айтымында, министрлик өзүнө тагылган милдеттерди аткаруунун ордуна кеңседе маалымат чогултуу менен чектелип, күйүүчү май, курулуш материалдарын сатып алуу үчүн менчик фирмалар менен келишим түзүп ортомчулук менен шугулданып калышкан.
Өлкө аймагындагы коркунуч туудурган сел алуучу жерлерге, тоолуу айылдардагы көчкү жүрүүчү аймактарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан алдын алуу иштерин начар жүргүзүлүп жатканына байланыштуу министрликтин иши канаатандырарлык эмес, деген пикирин билдирди депутат Асамидин Марипов.
-Министрликтин аткарган ишине канааттандырарлык эмес деген баа берем. Эгерде биз айткан сунуштарга маани берип, жакын арада маселелрди чечүүгө киришсе ошого жараша баа беребиз.
Министрликтин расмий маалыматына караганда, өлкө аймагында жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан 8884 үй бүлө бар. Алардын 4381 тез аранын ичинде үйжай менен камсыз кылынышы керек болсо, табийгат кырсыгы жылына орточо эсеп менен 1 млрд. 400 млн сом чыгым алып келет.
Бир катар депутаттар өлкөнүн бардык региондорунда жер алдынан чыккан суулардын көлөмү көбөйүп, айдоо аянттарын суу басып, үй-жайлар кулап калуу коркунучунда экендигин маалымдашты. Ага карата аталган министрлик алдын алуу иштерин кечиктирип, кээ бир аймактарга көңүл бурбай жатканын айтып сындашты.
Министр Жаныш Рүстөмбеков болсо табигый кырсыктардын жана жер алдынан чыккан суулардын алдын алуу иштерине жергиликтүү жамааттар тартылбаса, бул кырдаалдан чыгуу мүмкүн эмес деген пикирде.
-Айыл өкмөттөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жардам берип чогуу аракет кылбасак мамлекеттин, биздин министрликтин бул маселелерди чечүүгө чамасы чарк,-деди Жаныш Рүстөмбеков.
Жаныш Рүстөмбеков белгилегендей, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бюджеттен 360 млн. сом эле бөлүнгөн. Бардык маселени чеүүгө каражат тартыштык кылат. Керектүү оор техникалар жокко эсе. Бирок жакын арада Орусиядан 5 млн. долларлык техникаларды алып келүү маселеси каралууда.
Айрым депутаттар бөлүнгөн бюджеттик каражатка министрликте беш миң кишини кармоонун зарылчылыгы жоктугун, Ош шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүн жоюууну, мобилдик ыкчам топторду түзүүнү сунушташты. Депутат Султан Урманаев министрликтин негизги кемчилигин кадр маселеси менен байланыштырды.
-Бул министерство акчаны «отмывать» эте турган орган болуп атат. Бул жакка жалаң ууру кадрлар келип атат. Мисалы үчүн Граждандык коргонууда каржы башкармалыгынын жетекчиси Ички иштер министринин тууганы экен. Акчаларды уурдады деп кызматтан алдык эле. Биз кеткенден кийин кайра келип кызматта иштеп атат. Ал эми Аскар Акаевдин, Майрам Акаеванын оң колу болуп иштеп жүргөн кишилер азыр сиздин оң колуңуз болуп иштеп атпайбы. Муну кандай түшүнсө болот?-деди Султан Урманаев.
Жыйын соңуна чейин депутаттардын жарымы залдан чыгып кеткендигине байланыштуу парламент Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин отчетуна тиешелүү чечим кабыл алган жок. Бул маселе боюнча депутаттардын сунуштары комитеттерде каралып, бейшемби күнү добушка коюла турган болду.