Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:08

Министр Атамбаев өз партиясын таштабайт


БИШКЕК. Өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаевдин социал-демократтар партиясынын лидери болуп кала бериши мыйзамга каршы келбейт. Министрлик тараткан маалыматка караганда, «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын он биринчи беренесинин алтынчы пунктунда мамлекеттик кызматкер саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө катышууга, башкаруу органдарына шайланууга укуктуу деп жазылган. 11-апрелде президент Курманбек Бакиев партияга мүчө министрлерди мүчөлүгүн токтотууга 13-апрелге чейин мөөнөт берип, болбосо кызматын өткөрүп берүүнү сунуштаган. Ал эми Акылбек Жапаров, Досбол Нур уулу өңдүү партиячы министрлер өз ойлорун айтыша элек.

XS
SM
MD
LG