Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Баучер бийликтин тең салмактуулугун сактоого чакырды


БИШКЕК. Кечээ Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер кылмышка шектүү адамдын Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланышын тиешелүү мыйзамдардын иштебегендигинин жана соттун көз каранды экендигинин көрүнүшү катары баалады жана инвестициялык, саясий климатка терс таасир этерин белгиледи. Баучер ошондой эле Кыргызстанда бийликтердин тең салмактуулугун сактоо, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгы бар деди. АКШ өкүлү Кыргызстан түрмөсүндө отурган өзбекстандык качкындардын үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилишин жактаарын айтты.

XS
SM
MD
LG