Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

«ДОЛОНО» АЙЫЛЫНДАГЫЛАРДЫН ДООСУ


Базаркоргон районунан Жалалабат облусундагы илим изилдөөчү «Биосфера» институтуна берилген 103 гектар бак жана айдоо аянты талашка түштү. Токой аймагында үлүшсүз калган Долоно айлынын жүздөн ашык үй-бүлөсү инситуттун 43,5 гектар бак арасын ижарага берүүнү талап кылышса, бакты кыйла жылда өстүргөндөр андай талапка каршы болууда.

Долоно айылы Базаркоргон районунан элүү чакырым ыраактагы тоо бооруна жайгашкан. Үлүшсүз калган жүздөн ашык үй-бүлөнүн өкүлдөрү «Биосфера» институтунун айдоо жерин ижарага берүүнү облбийликтен утуру талап кылууда. «Жер таркатылса, нечен жылда түшүм берген 43 гектар бак жок болот» - деген күзөтчү Равшан Эргешов көпчүлүктүн талабы менен макул эмес:

- Алманын 36, жаңгактын 10 сорттору бар. Бул жерде илимий тажрыйба участкасы болгондуктан Кыргызстандын келечеги үчүн бул алмаларды сорттошуп, жоголуп кетпесин деп акимчиликке, токой чарбасына, биосфера институтуна кайрылдык.

«Баатыр эне» Турсун Акушеванын оюнда эки тарап болуп жаатташуудан тынчтыкка доо кетет:

- Эки тарап болуп урушуп-чабышпай, бакты бошотуп берсе. 3 гектар жерге тойбосо, адам кайсыл жерге тоет. 5 сотыхтан 10 сотыхка чейин ар бир үй-бүлөгө айыл өкмөт бөлүп берген.

Көп балалуу Касиет Курашева бакты сактоого тиешелүү уюмдар анча маани бербей жаткандыгын билдирди:

- Басып алышты. Биз Айтерек айылында турабыз, жер бер дебейбиз, биз ошол жерди сактап калуу үчүн чуркап атабыз.

Долоно айыл тургундары менен «Биосфера» институтунун келишимине ылайык ижара жери илимий иш менен токой өсүмдүгүнө залалы жок. Тараптардын ортосунда кырдаал олуттуу. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун жогоркудай пикири боюнча мыйзам бузуу азчылык жактан кеткен:

- Адамдар келишимди бузушуп, арендасына акча азыркы учурга төлөбөй, ортосунда конфликт бар экен. Айдоо жерди арендага бергиле, эл мүмкүңчүлүк болсо бүгүнкү күңү иштетип, макулдашып, бир жыйынтыкка келгиле дедик. Кече мен Биосферанын жетекчилери, эл менен сүйлөштүм. Алар бир чечимге келишти. Каракулчада там салып алышкан, анын экөө мыйзамдуу, экөө мыйзамсыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG