Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Иран алгачкы 100 тонна уран газын ийгиликтүү байытканын жарыялады


Бул туралуу кечээ Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад жалпы элге сыналгы аркылуу кайрылуусунда билдирди.

- Мен ырасмий түрдө билдирем: “Иран дүйнөдөгү өзөктүк технологиялуу мамлекеттердин катарына кошулду”, - деди өлкө президенти Махмуд Ахмединежад.

Ал, ошондой эле, Батышты Тегеранга каршы басымын токтотууга чакырды. Анткени Иран уранды жалаң жайчылык максатта байытып жатат деди ал.
Ал эми расмий Вашингтон Иранды “натуура жолго түшүп алды” деп сындады. АКШнын Мамдепартаменти “Иран эларалык коомчулукту тоготпой жатат” деп айыптады.
Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши Тегерандан ядролук изилдөөлөрдөн оолак болууну талап кылган. Иран болсо аны четке какканы маалым.

XS
SM
MD
LG