Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ : УКУК КОРГОО ТАРМАГЫН КАЙРА КУРУУГА КАРШЫЛЫК ЧОҢ


Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов укук коргоо органдарын комплекстүү реформалоо боюнча концепцияны иштеп чыга турган эксперттик топтун башчысы болуп иштеп берүү жөнүндө Президенттин сунушуна макул болгон. Эксперттик топтун тизмеси Президент К. Бакиевге киргизилген, бирок маселе чечилбей создугуп, концепциянын үстүнөн иш баштала элек. Депутат К. Байболов «Азаттыкка» берген маегинде, күч органдарын кайра куруу аракети, экс-президент Акаевдин тушундагыдай, реформага каршы болгон чөйрөнүн тоскоолдугуна кабылууда деп билдирди.

- Сизге алгачкы сурообуз мындай, өткөн апта соңунда "Мыйзамдyулук жана тартип үчүн!", "Кылмыштуулук жана коррупцияга каршы" деген ураан чакырыктарынын астында болгон жөө жүрүш менен митингди сиздердин партия да колдодуңуздар. Ошол иш чаранын артынан ага демилгечи болгон уюмдар жарыялашкан жети талаптын экинчиси укук коргоо органдарын реформалоо маселеси экен. Мындан эки айча мурда коопсуздук кеңешинин соңку жыйынынан кийин президент Курманбек Бакиев укук коргоо органдарын комплекстүү реформалоо боюнча комиссия түзүлдү деп жарыялап, анда сизди төрага болорун жана бир ай ичинде сунуштарыңызды берүүгө даяр экендигиңиз тууралуу маалымат берген эле. Бүгүнкү күнгө карата ушул иш эмне болду?

- Президент мени эртең коопсуздук кеңешинин отуруму болот деген күнү чакырды жана ушул сунушту айтты. Мен макул болгомун. Бирок мен бир шарт койгон элем, ошол долбоордун үстүнөн иштей турган эксперттердин, адистердин тобун мен өзүм сунуш кылайын деген, президент макул болгон дагы, жарлык чыгарууга макулдугун берген. Мен бир жуманын ичинде 11 кишиден турган эксперттердин тобун администрацияга жеткирип бердим. Бирок күнү бүгүнкүгө чейин жарлык чыга элек. Эгерде жарлык чыкпаса, мен ошол адистерди негизги жумуштарынан бошотуп, ошол долбоордун үстүнөн иштетүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок. Ошондуктан азыр иш баштала да элек.

- Ошол жарлыктын чыкпай жатышы ички бюрократиялык тоскоолдуктарга байланыштуубу? Анын себеби сизге белгисизби?

- Мен чыккандан кийин дагы далайлар кирди да, ким билет. Угуп атасыз, колунан келбейт, ал тигиндей-мындай деп. Азыркы бийлик өткөн бийликтегидей эле акыркы киргендердин сөзү туура болуп атпайбы.

- Эгер мен жаңылбасам, мына ушундай эле комиссия президент Акаевдин да тушунда түзүлүп, анда ошол кездеги коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов башында туруп, ошол кезде сиз дагы мүчө болгонсуз. Ал комиссия деле ишин баштабай жатып, иштей албай калган. Демек, ошондой эле жагдай түзүлүп жаткан жокпу, же чын эле укук коргоо органдары реформага муктаж эмес дегенди билдиреби?

- Анда дагы комиссиянын курамына ошол реформага ички дүйнөсү менен каршы болгондор киргизилген. Менин баамдашымча, азыр кайрадан комиссия түзүлгөнү жатыптыр, ошол укук коргоо органдарынын жетекчилери дагы кириптир. Мен президентке шарт койдум деп атпаймбы, экспертти өзүм топтойун деп. Себеби комиссиянын иши өзү эле өтө оор. Ал эми реформага түздөн-түз ички дүйнөсү менен каршы болгондор менен долбоорду иштеп чыгыш мүмкүн эмес. Муну жетектеген комиссиянын тагдыры да ошон үчүн эч кандай иштерди чечпей өтүп кеткен. Aл жерге министрлер кирген, эгерде министрлер реформатор болсо эмгиче бир нерсени жасайт эле да. Алар өзүлөрүнүн эбегейсиз полномочиелерин өз колдору менен кантип бүтүрсүн, алар реформага түп тамырынан каршы.

- Сизге депутат он жылдан ашык убакыттан бери мыйзам жазып жаткан адам катарында ушул дүйшөмбү күнү президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысы аткаруу бийлигинин айрым жетекчилери саясатка аралашып, мыйзамды бузуп, партиялык иштери уланып жаткандыгын сынга алып, аларга эки иштин бирин тандоого 13-апрелге чейин мөөнөт бергенин кабарлаган эле. Мындай сын кимдерге багытталганы кечээ белгилүү болду окшойт, социал-демократиялык партиялардын лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев жетектеген өнөр жай жана соода министрлиги Атамбаев партиясынан баш тартпайт деген маанайдагы билдирүү жасады. Дегеле ушул мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам эмнени талап кылат жана жогорудагыдай көрүнүштөрдүн чыгып жатышы биздин саясий системаданын туура эместигинен эмеспи?

- Көрүнүктү адамдардын жаңы мүчө болушу, же болбосо ошол партиялардын жетекчи болушу, болбосу ушул күндөгү проблемалардын ичиндеги эң негизги проблемабы? Биз өрттөнүп бараткан, күйүп жаткан маселелерди карабай, анан ошол мүчө болгула, болбогула дегени, менин ойумча, өлкө жетечилигинин кайсы ишти биринчи кезекте аткарууга анчейин түшүнүгү азырак экенинин белгиси го деп ойлойм.

- Демек сиз бул олуттуу деле проблема эмес деп эсептейсизби?

- Албетте. Ушул эң негизги проблемабы? Эң негизги проблема конституциялык реформа, соттук, укуктук, салык реформасы, соттордун көз карандысыздыгы, бизнестин боштондугу, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун реформасы, административдик реформа, жергиликтүү аймактык реформа, не деген улуттук маселелер жатат. Анан ошонун ичинен партияга мүчө болбогула деп атышат. Кече Алмаз Атамбаев абдан жакшы айтты, мыйзамдарга эч кандай карама каршы келбейт деп. Mенимче бул Алмазга окшогон адамдарга гана багытталган чечим болуш керек.

Тектеш

XS
SM
MD
LG