Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

12-АПРЕЛДЕ КОСМОС МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ ЭКИ МААРАКЕ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 12-апрелде дүйнөдө эки маараке белгиленүүдө. Мындан 45 жыл илгери, 1961-жылдын 12-апрелинде космоско биринчи космонавт Юрий Гагарин учкан. Андан 20 жыл өткөндөн кийин болсо, 1981-жылдын 12-апрелинде Америка кошмо штаттарында космоско "Шаттл Колумбия" деп аталган биринчи чөлмөк учурулган.

Гагарин дүйнөдөгү биринчи космонавт болсо, "Шаттл Колумбия" - космоско учуп чыгып, Жерге кайра кайтып келген биринчи чөлмөк-кеме болчу. Гагарин космоско учкандан жети жыл өткөндөн кийин авиакырсыктан курман болду, "Шаттл" программасы болсо былтыр жабылды.

Космоско учканда Гагарин айткан "Кеттик!" деген сөз баарыга белгилүү. Биринчи космонавт анын алдында сүйлөгөн сөздөр көп белгилүү эмес: "Бир нече мүнөттөн кийин күчтүү космос кемеси мени аалам мейкиндигине алып кетет. Учаарга калган акыркы мүнөттөрдө мен силерге эмне деп айта алам? Бүткүл өмүрүм мага азыр бир гана шумдук көз ирмемдей болуп көрүнөт. Буга чейин мен үйрөнгөн жана мен жасаган нерсенин баары ушул азыркы мүнөт үчүн үйрөнүлгөн жана жасалган", - деген Юрий Гагарин 1961-жылдын 12-апрелинде космоско учаардын алдында. Ал "Восток" деп аталган кеме менен учкан жана космосто бир саат 48 мүнөт болуп, жерди бир жолу айланган.

Гагарин 1934-жылдын 9-мартында Орусиянын Смоленск облусунда туулган жана армияда жүргөндө учкучтар мектебин бүтүрүп, кийин 1960-жылы космонавттар тобуна кошулган. Аны биринчи космонавт болот деп ал кездеги СССР компартиясынын жетекчиси Никита Хрущев сүрөтүн көрүп тандаган дешет. Космоско учуп барып келээри менен Гагарин космонавттар тобунун башчысы болуп дайындалган жана жогорку билими жок болгондуктан, ошол эле жылы Жуковский атындагы академияга өткөн.

Кийин жаңы "Восход" деген кеме курулганда дагы Гагарин аны менен учууга даярдалган эки космонавттын бири болгон, бирок космоско Владимир Комаров учуп чыгып, Жерге кайтып келатканда курман болгон. Кеме көп даяр эмес экени белгилүү болчу, бирок партия учуш керек деп айткан жана Комаров дагы өлүмгө баратканын билген.

1968-жылы Гагарин Академияны бүтүргөн жана 17-февралда диплом алгандан кийин, 27-мартта аскерий учак менен абага учуп чыгып, полковник Владимир Серегин менен кошо кырсыктан курман болгон.

"Спейс шаттл" деп аталган программа болсо Америка кошмо штаттарында 1970-жылдарда даярдалган, космос чөлмөктөрү кадимки учактар сыяктуу курулуп, космоско ракетасыз өзү учуп чыгып, кайра Жерге кайтып келип, өздөрү коно алат.

Бардыгы болуп алты чөлмөк курулган, ар биринин өз аты бар, бирок "Энтерпрайз" деп аталган биринчи чөлмөк сыноолор үчүн гана пайдаланып, космоско кийин учкан эмес. "Колумбия" деген чөлмөктүн космоско биринчи учушу 1981-жылдын апрелинин башына дайындалган, бирок аба ырайынын бузулушу менен байланыштуу учуп чыгуу бир нече жолу кийинкиге калтырылып отуруп, космоско ал 12-апрелде көтөрүлгөн. Ал окуя дал 12-апрелге туш келгени кокустук.

Бардыгы болуп америкалык чөлмөктөр космоско 114 жолу учуп чыккан. Бирок 1986-жылдын 28-январында "Челленжер" деген чөлмөк жана өзгөчө 2003-жылдын 1-февралында "Колумбия" кыйрагандан кийин АКШ жетекчилиги чөлмөк программасын токтотууну чечти. Анткен менен "Колумбиянын" авариясынан кийин дагы бир учуруу жасалды жана "Дискавери" деген чөлмөк космосто 2005-жылдын 26-июлунан 9-августуна чейин болду. Кыйраган "Челленжердин" дагы, "Колумбиянын" дагы ичинде жетиден адам болгон, баары набыт кеткен. "Колумбиянын" ичинде биринчи изралдик астронавт да болгон.
XS
SM
MD
LG