Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:32

Эдил Байсаловдун өмүрүнө кол салуу болду

Бүгүн Бишкекте "Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалициясынын президенти Эдил Байсаловго кол салуу болду. Окуя кандай болгону так билине элек, азырынча Байсаловго ок же таш тийиши мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат. Жарадар болгон коомдук ишмер ооруканага жеткирилип, операция жасалды, абалы дурус.
Ички иштер министрлиги Байсаловго кол салуу фактысы боюнча дароо кылмыш иши козгоду, иликтөө иштери башталды. Бир катар саясатчылар коомдук ишмерге кол салуу фактысы соңку учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүп жаткан иш-аракеттери үчүн Эдил Байсаловду жазалоо максатында болушу мүмкүн деген ойго ыктап жатышат.
XS
SM
MD
LG