Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Ошто мунайзат базасын сатууга каршы нааразылык акциясы өттү


ОШ. Колдоруна “Коррупцияга жол жок, мамлекеттин баалуу мүлкүн олигархтарга бербейбиз жана өкмөт өндүрүштү бөлүп-жарбасын” деген ураандарды көтөрүшкөн түштүк мунай зат базасынын кызматкерлери өкмөттүн аталган мамлекеттик маанидеги стратегиялык объектини сатуу жөнүндө токтомуна каршы талаптар менен чыгышты. Аталган мунайзат базасынын жооптуу кызматкери Мамадали Мамашарипов өкмөт башчысы Феликс Кулов 2006-жылдын 27-февралында Оштогу мунай зат базасын сатуу жөнүндө мурдагы өкмөт башчысы Танаевдин токтомун жокко чыгарып, бирок бир канча ай өтпөй мурдагы өкмөттүн токтому кайра калыбына келтиргендиги таңкалыштуу экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG